Онтарионун Жогорку сотунун апелляциялык бөлүмү Кыргызстандын «Центерра» компаниясындагы 47 млн. акциясын камактан бошотту.  Активдер 2014-жылдын октябрында камакка алынган болчу.

«Кыргызалтындын» 47 млн акциясын камакка алуу чечими Онтарио Жогорку сотунун аппелляциялык бөлүмү тарабынан 2015-жылдын 10-июнунда жокко чыгарылды, деп билдирди «Кумтөр» алтын өндүрүү ишканасынын ээси эсептелген «Центеррадагы» Кыргызстандын акцияларын башкарган «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы.

«Шаршемби күнү, 2015-жылдын 10-июнунда, Онтарио соту аппеляцияны карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча акцияларды камакка алган соттун чечимин жокко чыгарды», ― деп жазылган кыргыз мамлекеттик компаниясынын билдирүүсүндө.

Кыргызстандын «Центеррадагы» акцияларынын жарымынан көбү  Канаданын Онтарио соту тарабынан 2014-жылдын октябрында камакка алынган. Андай чечимдин чыгарылышына канадалык «Станс Энерджи» компаниясынын арызы себеп болгон. Аталган компания кыргыз бийлигинин Нарын облусундагы сейрек кездешүүчү металлдардын «Кутессай-2» кенин иштетүү лицензиясын алуу чечимин жокко чыгарууга аракет кылып келет.

«Кыргызалтындын» басма сөз кызматынан канадалык соттун чечимине төмөндөгүлөр негиз болгондугун түшүндүрүштү:

― Кыргызстанды канадалык «Станс Энерджи» компаниясына 118 млн. доллар төлөп берүүгө милдеттендирген Москва соода-өнөр-жай палатасынын алдындагы Арбитраждык соттун чечимин жокко чыгарган Москва арбитраждык сотунун 2015-жылдын 29-апрелиндеги чечими;

― Инвесторлордун укуктарын коргоо жөнүндөгү конвенциянын 11-беренеси. Ага ылайык, соттук териштирүүлөр талаштын катышуучусу болгон өлкөлөрдүн соту тарабынан же КМШнын Экономикалык соту тарабынан каралат;

― «Станс Энерджиге» каршы процессте Кыргызстанды колдогон КМШнын Экономикалык сотунун 2014-жылдын сентябрындагы чечими.

Андан сырткары «Кыргызалтындын» пресс-релизинде «Станс Энерджи» Онтарио сотуна КМШнын Экономикалык сотунун чечиминин толук текстин бербегендиги көрсөтүлгөн. Канадалык компаниянын өзү азырынча Онтарио сотунун чечими боюнча эч билдирүү жасай элек.

Ал ортодо 2015-жылдын июнунун башында «Станс Энерджи» Москва арбитраждык сотунун 2015-жылдын 29-апрелиндеги чечимине карата  апелляциялык даттануу арызын жолдогондугу белгилүү болгон.

«Станс Энерджи» менен болгон талаш

Кыргызстан менен канадалык «Станс Энерджи» компаниясынын ортосундагы соттук териштирүүлөр 2012-жылдан бери уланып келет ― териштирүүлөр кыргыз өкмөтү «Кутессай-2» кениндеги казуу иштерине «иштетүү планы жок» уруксат алгандыгы үчүн компанияны сотко бергенден кийин башталган.

Аталган уруксат берилгенден кийин Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Учкунбек Ташбаевге каршы кылмыш ишин козгогон.

Ташбаевдин өзү күнөөсүн мойнуна албай, сотто «Станс Энерджи» иштетүү планын өз убагында алып келгендигин билдирген — анын ал билдирүүлөрүнө карабастан 2014-жылдын июнунда Бишкектин Биринчи май райондук соту ага карата 5 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.

«Станс Энерджи» жооп катары Кыргызстандын өкмөтүнө каршы Москва соода-өнөр-жай палатасынын алдындагы Арбитраждык сотко доо арыз менен кайрылган — компания кенди соттук териштирүүлөр маалында иштете албастыгын билдирип, компенсация катары 118 млн. доллар талап кылган.

Аталган сот 2014-жылдын июлунда кендеги жумуштардын токтулгандыгынан улам компания кенди иштете албай калгандыгы үчүн Кыргызстан «Станс Энерджиге» 118 млн. доллар өлчөмүндөгү компенсация төлөп бериши керек деген чечим чыгарган.

Москва соода-өнөр-жай палатасынын алдындагы Арбитраждын ал чечиминин негизинде канадалык компания Онтарионун Жогорку сотуна даттанган, өз кезегинде ал сот компенсация төлөнгөнгө чейин Кыргызстандын «Центеррадагы» акцияларынын 60 пайызын камакка алуу чечимин чыгарган.

Кыргызстандын өкмөтү компенсация төлөп берүүдөн баш тартып, Москва соода-өнөр-жай палатасынын алдындагы Арбитраждык соттун чечимин жокко чыгаруу үчүн жогорку баскычтагы сотторго кайрылуусун улантарын билдирген. Президент Алмазбек Атамбаев акциялардын камакка алынышын кескин сынга алып, Кыргызстандын «Центеррадагы» акцияларын Торонто биржасына киргизүүнү сунуштаган.

2015-жылдын апрелинин аягында Москва арбитраждык соту Москва соода-өнөр-жай палатасынын алдындагы соттун чечимин жокко чыгарган.

Акциялар «Кумтөр» алтын өндүрүү ишканасынын түзүмүн өзгөртүү боюнча Кыргызстандын «Центерра Голд» менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүсүнүн фонунда камакка алынган. Анда кыргыз чиновниктери «Кыргызалтындын» акцияларынын жарымынан көбү камакта болгондуктан «Кумтөрдөгү» үлүштөрдү түзүмдөштүрүү мүмкүн болбой калат деп кооптонушкан.

Бирок 2015-жылдын апрелинде Кыргызстандын өкмөтү «Кумтөр» боюнча келишимди кайрадан карап чыгуудан баш тартып, «Центерра Голд» менен биргелешкен ишкана түзбөй тургандыгын билдирген.