Саламаттыкты сактоо министрлиги «башка өлкөлөр менен тыгыз байланышта» болгондуктан Кыргызстанга дагы коронавирустук MERS инфекциясынын келүү тобокелдиги бар деп эсептейт. Бирок мекемеден коңшу өлколөрдө аталган вирусту жуктурган учурлар болбогондугун белгилешти.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулардын алдын алуу башкармалыгынын башчысы Абдыкадыр Жороев Kloop.kgге берген маегинде Кыргызстан башка өлкөлөр менен катар эле MERS вирусу катталган өлкөлөр менен да «тыгыз байланышка ээ» экенин билдирди.

MERS — Жакынкы Чыгыш дем алуу синдрому (ЖЧДС) — козгоочулары коронавирустар түркүмүнө кирген вирустук оору. Инфекциянын башкы очогу Сауд Аравиясында болуп, анда ооруга чалдыккан 700гө жакын учур катталган. Майдын аягынан бери Түштүк Кореяда ЖЧДС менен ооруган 100гө чукул учур катталды.

«Албетте алар Жакынкы Чыгыштын Түштүк Корея, Дубай сыяктуу өлкөлөрү, анткени бизге күн сайын Дубайдан бир жолудан аба каттамы келип турат, ошондуктан тобокелчилик бар», — деп белгиледи Жороев.

Ал мекеме башка өлкөлөрдөн келгендерди текшерүү үчүн чек ара өтмөктөрүндө, ошондой эле Бишкек менен Оштогу аба майдандарга санитардык-көзөмөл пункттарын даярдагандыгын кошумчалады.

Жороевдин айтымында, чек ара өтмөктөрүнө дене табы жогору болгон адамдарды аныктай турган тепловизор жабдуулары орнотулган — коронавирустун белгилеринин бири болуп адамдын чыйрыгып, калтыроосу эсептелет.

Эгер жабдуу дене табы жогору болгон адамды аныктай турган болсо, анда аны карантин аймагына обочолонтушат жана медициналык экспертизанын негизинде ага тиешелүү диагноз коюшат же үйүнө кое беришет.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдиргендей, азырынча окумуштуулар менен медиктер ЖЧДСга каршы эмдөө каражатын ойлоп табыша элек. Инфекцияга каршы жарым-жартылай аракет көрүү үчүн болгону белгилери боюнча дарылоо жана карантин чаралары көрүлөт.

«Азырынча оорулуу тиешелүү белгилери боюнча дарыланат. Белгилери — бул чыйрыгуу, жөтөл жана башкалар», — деди Жороев.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин чиновниги азырынча коңшу өлкөлөрдө ЖЧДС жуктурган бир дагы учур каттала электигин кошумчалады. Бирок Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун билдирүүсү боюнча, июндун башында Кытайда инфекция жуктурган бир учур катталган.

Ал ошондой эле Сауд Аравиясына ажылык сапарга барууга камынып жаткан кыргызстандыктар туристтик фирмалар же Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы аркылуу кетип жаткандыктары тууралуу саламаттыкты сактоо уюмдарына билдирүүгө милдеттүү экендиктерин белгиледи.

MERS-CoV

Коронавирустук инфекция биринчи жолу 2012-жылы Сауд Аравиясында катталган. Азыр оорунун башкы очогу Сауд Аравиясы менен Түштүк Корея болууда.

Учурда Түштүк Кореяда 2500дөн ашык киши карантинге жайгаштырылган.

«Интерфакс» маалымат агенттиги Түштүк Кореянын бийлигине шилтеме жасоо менен өлкөдө 2000ден ашык окуу жайлары менен бала бакчалары жабылгандыгын билдирди. «Евроньюс» телеканалы Түштүк Кореянын дарыканаларында сактануу беткаптары түгөнүп, коомдук жайлар бош болуп, а интернет-дүкөндөрдөрдөгү соода 60 пайызга жогорулагандыгын билдирүүдө. Ушул мезгилге чейин оорудан улам Түштүк Кореяда каза болгондордун саны сегизге жетти.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 2012-жылдан бери ЖЧДС менен ооруган миңден ашык учур катталып, алардын төрт жүзүнүн аягы өлүм менен аяктагандыгын ырастады.

Вирус ошондой эле Жакынкы Чыгыштын Катар, Иордания, Бириккен Араб Эмираттары өлкөлөрүнө, Европанын Германия, Франция жана Улуу Британия мамлекеттерине тараган.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандан кийинки алгачкы белгилери болуп мурундун бүтүшү, жөтөл жана дене табынын ысышы эсептелет. Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, жогорудагы белгилер болжол менен ооруну жуктуруп алгандан 14 күн өткөн соң байкалып баштайт.

Андан соң белгилер күчөп, адамдын чыйрыгып калтыроосу күч алып, дарылап айыктыруу дээрлик мүмкүн болбогон жана көпчүлүк учурларда өлүмгө алып бара турган өпкөнүн сезгенүүсү менен бөйрөктүн жетишсиздигине чейин жетет. Андан сырткары оору диарея сыяктуу башка тамак сиңирүү системасындагы оор белгилер менен коштолушу мүмкүн.

Ооруну жуктуруп албоо үчүн дарыгерлер адамдар менен жаныбарлар өңдүү потенциалдуу жуктуруучулар бар болгон фермаларга, базарларга жана башка жайларга этияттык менен барууну сунушташат.

Ошондой эле Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму «колду жакшылап жуу» кеңешин берет, анткени респиратордук инфекциялар көбүнчө «аба аркылуу эмес, а түздөн-түз байланышта, мисалы, кол алышууда» жугат.