Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Пан Ги Мун бийлик алмашкандан кийинки акыркы беш жыл ичинде Кыргызстанда болуп жаткан өзгөрүүлөргө жогору баа берди. Ошондой эле ал депутаттарга жарандык коомчулук менен тыгыз иштөөлөрү керектигин эскертти.

БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун 11-июнда Бишкек менен Ошто сапары менен жүрөт. Ал 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин Кыргызстанда болуп жаткан өзгөрүүлөргө жалпысынан жакшы баа берди.

Анын кыргыз жаңылыктар агенттиктери тарабынан жазылган билдирүүлөрүндө өлкөдө демократия менен ачыктуулуктун өсүшү жана бийликтин жакырчылыкты жоюу жана билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн арттыруудагы жасаган жакшы иштери тууралуу сөздөрү басымдуулук кылат.

Пан Ги Мун парламентарийлер үчүн бир нече сунуштама берди — ал депутаттар элдин үнүн угуп, жарандык коомчулук менен тыгыз иштеши керектигин билдирди.

«Депутаттардын алдында маанилүү маселе турат – адамдардын талаптарына ылайык келүү, натыйжалуу парламенттик демократия системасына жетишүү, билим берүү менен саламаттыкты сактоонун сапатын жогорулатуу», — деп жазды vb.kg басылмасы анын айткандарын.

Аны менен катар БУУнун баш катчысы парламенттик демократияга өтүү — «кыйла узак процесс» экенин жана өзгөрүүлөрдүн «анчалык тез» болбой жатышынан улам жарандар «кандайдыр бир ишенбестиктерин» көрсөтүүлөрү мүмкүндүгүн белгиледи.

«Парламент коррупцияга каршы тынымсыз күрөшүү боюнча башкы орган болуп калды. Ал күн тартибин калыптандырат, президенттин демилгеси менен кабыл алынган Кыргызстандын туруктуу өнүгүү программасы менен алектенүүдө. Ачыктыктын жетиштүү деңгээли жетишилди, парламенттик көзөмөл менен отчеттуулуктун деңгээли жогорулады», — деди ал.

«Бир дүйнө — Кыргызстан» укук коргоо уюмунун юристтери Кыргыз бийлигине кесиптеши Азимжан Аскаровду бошотуу чакырыгы жазылган билдирүү жолдошту.

Укук коргоочу 2010-жылдын июнунда өлкөнүн түштүгүндө болгон улуттар аралык кагылышуулар маалында милиция кызматкерин өлтүргөн деп күнөөлөнүп, өмүр бою эркинен ажыратылган. Аскаровдун өзү дарегине айтылган билдирүүлөрдү четке кагып келет.

«БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун мырза күзүндөгү парламенттик шайлоонун алдында мыйзамдуулуктун, акыйкаттуулуктун жана КРнын бийлиги тарабынан жарыяланган алдыдагы реформалардын салтанатына өз көзү менен көрүп ишенүүсү керек», — деп жазылган укук коргоочулардын билдирүүлөрүндө.

Бул БУУнун баш катчысынын акыркы беш жыл ичинде Кыргызстанга болгон экинчи сапары. Акыркы жолу Пан Ги Мун Бишкекке 2010-жылдын апрелинин башында келген.