Милиция кызматкерлерине пара берген деп шектелип жаткан маданият министринин орун басары Максат Чакиев соттук териштирүүлөр аяктаганга чейин үй камагына чыгарылды.

Бишкек шаардык соту 11-июнда пара берүүгө шектелип жаткан маданият министринин орун басарын №1 тергөө абагынан үй камагына чыгарды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.

Соттук процесс аяктаганга чейин Чакиевдин милдеттерин анын Туризм департаментиндеги орун басары аткарат, деп билдиришти маданият министрлигинен.

Министрдин орун басары 29-майда милиция кызматкерине эки миң долларга жакын пара берүү аракети маалында кармалган.

ИИМдин маалыматы боюнча, чиновник анын Туризм департаментинин башчылыгындагы ишмердүүлүгүнүн милиция тарабынан текшербеси үчүн, ошондой эле ага карата кылмыш ишинин козголбошу үчүн пара сунуштаган.

Тема боюнча: Видео: Маданият министринин орун басары Чакиев пара берип жатып кармалды

30-майда Биринчи май райондук соту чиновникти эки айга тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.

Чакиевдин өзү түшүндүрмө алуу үчүн жеткиликсиз болууда.

Буга чейин парламенттик «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев «Чакиевдин ишинде түшүнүксүз нерселер көп» экенин айткан.

«Анын эмнеге кайсыл бир күбөлүк үчүн пара бериши керектиги түшүнүксүз? Маселени чечүүнүн демилгечисинин ким болгондугу маанилүү. Ага кызматын сактап калууну жана таза аброй сунуштап, анын өзүнөн пара талап кылган болуулары мүмкүн», — деп жазган vb.kg жаңылыктар агенттиги депутаттын айткандарын.

Автор: Темир Калбаев