Гейлердин 100гө чукул каршылашы «салттуу эмес сексуалдык мамилелерди пропагандалоого» тыюу сала турган мыйзам долбоорун кабыл алуу талабы менен Бишкектин борборунда митинг өткөрүштү.
Митинг 14-июнда Бишкектеги Горький атындагы сейил багында өттү. Демонстрацияга «гейлерге каршы» мыйзам долбоорунун 100гө жакын тарапташы чогулган. Алардын арасында долбоордун демилгечиси, депутат Курманбек Дыйканбаев дагы болду.
Акциянын катышуучулары «салттуу эмес сексуалдык мамилелерди пропагандалоого» тыюу сала турган мыйзам долбоорунун тез аранын ичинде кабыл алынышын талап кылышты. Аталган акт парламенттеги үч окуунун биринчисинде кабыл алынган.
Дыйканбаев өз тарапташтарына мыйзам долбоору эмки аптада экинчи жана үчүнчү окууда тең кабыл алына тургандыгын убадалады.
«Биз бул мыйзам долбоорун кабыл алышыбыз керек деп ишенимдүү айткым келүүдө. Биз аны кабыл алабыз. Биринчи окуудан өткөн. Эмки аптада, жайкы эс алууга чейин экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алабыз, анткени биз пропагандага каршыбыз», — деп билдирди парламентарий.
Депутат ошондой эле демонстранттарды гейлерге карата «чыдамсыз» болууга чакырды. Анткени анын пикиринде, гомосексуалдуулук «коомду бузуп жатат».
«Өткөн кылымда бул оору болгон. Боорукерлик болгон. Бирок 1993-жылы батыштын технологиялары ал оору эмес, а нормалдуу көрүнүш жана адамдар НБТда жазылгандай эркек эркекти, а кыз кызды издейт деген сыяктуу жарыяларды бере алышат деп мээге куюп жатышат», — деди ал.
Акциянын Kloop.kg тарабынан сурамжыланган катышуучулары гейлерге карата ар түрдүү, бирок жалпысынан аларга терс мамилелерин билдиришти. Кээ бир демонстранттар гейлер «жашыруун жана көмүскө» жашоо образын кечирүүлөрү керектигин айтышса, башкалары аларды өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырышты. А үчүнчүлөрү гомосексуалдуулук үчүн өлүм жазасын киргизүү пикирлерин билдиришти.
«Басмырлоочу мыйзам долбоору»
«Гейлерге каршы» мыйзам долбоору 2014-жылдын жазында демилгеленген. Документке ылайык, «салттуу эмес сексуалдык мамилелерге» карата «жакшы пикир калыптандыруу» үчүн жазалоо сунушталууда.
Эгер «жакшы пикир» жаш балдардын арасында же маалымат каражаттары аркылуу калыптандырыла турган болсо, анда ал үчүн бир жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы колдонулушу мүмкүн.
Бирок мыйзам долбоорунун текстинде да, ага карата жазылган түшүндүрмөдө да «салттуу эмес сексуалдык мамилелердин» эмне экендигине так аныктама берилген эмес.
Акт Кыргызстанда гомофобиянын күчөшүнүн фонунда жазылган. Анын даярдалып жаткандыгы тууралуу 12-мартта — парламент имаратынын алдында 100гө чукул адамдан турган топ «гей-пропагандага каршы акция өткөргөн күнү жарыяланган.
2014-жылдын октябрында Бириккен Улуттар Уюму кыргыз парламентинин депутаттарын мыйзам долбоорун кабыл албоого чакырган.
Укук коргоо тармагындагылар ал мыйзам долбоорун «басмырлоочу» мыйзам долбоору деп айтып келишет.
ХРВ уюму өзүнүн жыл сайын чыгарыла турган отчетунун 2015-жылга арналган бөлүгүндө Кыргызстан тараптан акыркы жылдары жетишилген демократиялык илгерилөөлөрдүн бардыгы тең 2014-2015-жылдары «жоголгондугун» белгилеген.
ХРВнин изилдөөчүлөрүнүн пикирлеринде, адам укуктарынын сакталышы боюнча өлкөдөгү абал «начарлап кеткен» ― буга кыргыз парламентинде «салттуу эмес сексуалдык мамилелерди пропагандалоого тыюу салуу жөнүндөгү» жана «чет элдик тыңчылар жөнүндөгү» мыйзамдардын каралышы таасирин тийгизген.