Аскер пенсионерлеринин митинги 15-июнда өттү. Күч түзүмдөрүнүн мурунку кызматкерлери тамактанууга берилчү норманын толук төлөнбөй жатканына нааразы. Акциянын катышуучулары ага «өлкөнүн жетексилиги» күнөөлүү деп эсептешет.

Аскердик акыйкатчы Анвар Сартаев аскер пенсионерлеринин тамактануусуна каралган 154 сом 51 тыйынды толук албай жаткандыктарын билдирди.

«Тамактануу үчүн ИИМ, ЖАМК 22%га, Коргоо министрлиги, УКМК, чек арачылар — 38%га, ӨКМ, өрт өчүрүүчүлөр — 54%га жана биз, ардагерлер, 21%га каржыланабыз», — деп статистика келтирди Сартаев.

Митингдин катышуучулары Каржы мекемелернин башчыларына «тырмоолорду» даярдап коюшкан. Алардын пикирлеринде, дал ошолор тараптан «мурунку министрлердин каталарын» кайталап жатышат.

«Аларды [өлкөнүн өкмөтүн] эл багып жатат, демек, эл алардан талап кылууга укуктуу. Анын үстүнө жакында парламеттик шайлоо болот. Азыр алар бизди алдап башташат, биз ишенбешибиз керек», — деп билдирди акыйкатчы.

Митингке катышып жаткан аскер пенсионери Ярослав Дерек «куралдуу күчтөрдүн башкы колбашчысы катары камкордук көрүшү керек болгон» «президент» күнөөлүү деп эсептейт.

«Апрель революциясынын алдында Бакиев 31-августка чейин төлөнө тургандыгын айткан. Революция болгондон кийин баары унутулду. Бир президенттин убагындагы милдеттенмелер, кийинкилери тараптан таптакыр аткарылбай эле […] Биз президенттин ата мекендин коргоочулары жана куралдуу күчтөрдүн ардагерлери туурауу ойлонуусун талап кылабыз», — деди Дерек.

Митингдин дагы бир катышуучусунун айтымында, тамактанууга бөлүнгөн каражатты толук бербөө дээрлик 15 жылдан бери уланып келет.

«Биздин президент дайыма «Өз армияңды бакпасаң — башка бирөөнүн армиясын багасың», деп айтканды жакшы көрөт. Биздин жетекчилер сүйлөгөндө башка, а чындыгында таптакыр башкача», — деп жыйынтыктады Сартаев.