Кыргызстан жана Австралия курамаларынын машыктыруучулары менен футболчулары 2018-жылы боло турган дүйнөлүк чемпионаттын тандап алуу бөлүгүнүн алкагындагы алдыдагы оюнга байланыштуу маалымат жыйынын өткөрүштү. Беттеш 16-июнь күнү кечинде Бишкектеги «Спартак» стадионунда өтөт.

Маалымат жыйынына Австралия курамасынын атынан Англиянын Премьер-Лигасындагы лондондук «Кристал Пэлас» клубунун жарым коргоочусу жана капитаны Майкл Единак менен улуттук кураманын башкы машыктыруусучу Анже Постекоглу катышышты.

«Бул оюн өтө маанилүү жана эртең жакшы беттеш болот деген үмүттөбүз. Оюнду чыдамсыздык менен күтүп жатабыз», — деди австралиялык курамаынын капитаны.

«Атаандашыбыз белгилүү болгондон бери биз машыгып келебиз, оюндун алдында атаандаштын стратегиясын дайыма изилдеп чыгуу зарыл. Биз өтө оор оюн болот деп күтүп жатабыз. Кандай болгондо да биз бул беттешке активдүү даярданганбыз», — деди Единак.

Кыргызстан өз жеринде австралиялыктарды биринчи жолу кабыл алууда.

«Кыргызстанга биз ойноо үчүн эч качан келе элек болчубуз. Дүйнөлүк кубоктун жакшы жагы, бул анын аркасы менен буга чейин таптакыр болуп көрө элек өлкөлөргө бара алганыңда», — деди австралиялык кураманын башкы машыктыруучусу Анже Постекоглу.

Австралия курамасынын капитаны Майкл Единак
Австралия курамасынын капитаны Майкл Единак

Маалымат каражаттарында Австралиянын командасынын учурдагы курамын «Алтын муун» деп атап келишет — курама салтанаттуу түрдө 2015-жылкы Азиянын кубогун бир гана жеңилүү менен утуп алган. 2014-жылы өткөн дүйнөлүк биринчиликте курама чилиликтер менен голланддыктарга утулуп, өз тобунан чыга албай калган.

Беттештин промо-ролиги:

Кыргызстандын футбол федерациясы кураманын жаңы формасы менен тааныштырды — аны испаниялык Joma фирмасы чыгарган.

ffkr

Маалымат жыйынында кыргыз курамасынын атынан өлкөнүн клубдук чемпионатында «Дордой» үчүн ойногон коргоочу Талант Самсалиев менен кыргыз курамасынын машыктыруучусу Александр Крестинин сүйлөштү.

«Атаандашыбыз күчтүү, көп титулдарга ээ команда. Эртең бизди жакшы оюн күтүп турат деп ойлойм», — деди Крестинин.

Шейшемби, 16-июнда Бишкектеги «Спартак» стадионунда Кыргызстандын катышуусундагы акыркы айларда эң көп күтүлгөн футболдук беттеш орун алат.

«Ак Шумкар» деген атка ээ болгон кыргыз курамасы 2018-жылкы дүйнөлүк биринчиликтин тандап алуу баскычындагы «В» тобунун алкагында австралиялык курама менен кез келишет. Кыргызстандын аталган топтогу башка атаандаштары Тажикстан, Бангладеш жана Иордания курмалары.

Буга чейин, 11-июнда, Кыргызстан Бангладеш курамасын 3:1 эсебинде уткан.