Москвада 41 жаш курагында белгилүү орусиялык ырчы Жанна Фриске каза болду. Ал баш мээсиндеги шишик оорусу менен жабыркап келген.

Анын каза болгондугу тууралуу ырчынын атасы Владимир Фриске билдирди. «Жанна каза болду, бул чын, – деди ал. – Бул кечээ кечинде саат ондо болду».

2014-жылдын январында ырчынын баш мээсинде глиобластом шишик оорусу бар экендиги аныкталган. Ошондо эле «Биринчи каналда» Жанна Фрискенин дарылануусу үчүн каражат топтоо акциясы башталган. Жыйынтынында 60 миллиондон ашык рубль чогулган.

Өткөн жылдын күзүнө чейин Фриске Германия менен АКШда дарыланган. Дарылануу курсунан кийин ырчы үй-бүлөсү менен бирге Прибаликада жашаган. Кийинки дарылануу курсун ал Кытайда өткөрүп, анда дарыгерлер узакка созулган ремиссияга жетише алышкан. Фриске ошондо гана Орусияга кайтып барган. Ал каза болгонго чейин жолдошу жана кичинекей уулу менен Москванын четиндеги үйүндө жашап келген.

Артисттин каза болушуна байланыштуу анын кесиптештери жана Орусиянын шоу-бизнесинин жылдыздары өз пикирлерин билдиришти.

«Кош бол, сүйүктүү Жанна… Кош бол, досум… Чыныгы дос… Мен ыйлап жатам…. Буга ишенүү кыйын… Бул таш боордук…» — деп жазган Филипп Киркоров Instagramдагы баракчасына.

Жанна Фриске орус эстрадасынын белгилүү ырчысы болгон. Ал өз эмгек жолун «Блестящие» тобунун солисти катары баштап, кийин жалгыз ырдаганга өткөн.

Ошондой эле артист өз карьерасында бир нече орусиялык тасмаларга тартылган: «Ночной дозор», «Дневной дозор» жана «О чём говорят мужчины». 2011-2012-жылдары Фриске MTV каналындагы «Каникулы в Мексике» шоусунун алып баруучусу болгон.