Кыргызстандын Футбол федерациясынын өкүлдөрү Кыргызстан-Австралия беттешине кире албай калган күйөрмандардан кечирим сурашты. Кыргызстан курамасынын футболчулары фанаттарды 16-июндагы беттештин айланасындагы жагдайга «түшүнүү менен мамиле кылуу» чакырышты.