Кыргызстан-Австралия беттешине билет сатып алып, бирок «Спартак» стадионуна кире албай калган футбол фанаттары билеттин акчасын кайтарып берүү талабы менен Кыргызстандын Футбол федерациясынын имаратынын алдына чогулушту. Буга чейин федерация бардык акча кайтарылып бериле тургандыгын билдирген.

Кыргызстандын Футбол федерациясынын имаратынын алдына бир нече ондогон адам чогулду. Алар 2018-жылкы чемпионаттын топтук беттештеринин алкагында 16-июнь күнү Бишкектин «Спартак» стадионунда өткөн оюндун уюшулушуна нааразы.

Стадиондун кире беришинде пайда болгон тыгылыштан улам көрүүчүлөрдүн көбү оюнга кире албай калышкан. Алар милиция оюнга билеттери жок адамдарды кое берип, беттеш башталганга бир саат калганда эле стадиондун дарбазасын жаап салгандыгын билдирип жатышат.