Кыргызстандын борбору «Мерсер» ал аралык консалтинг компаниясынын «Дүйнөнүн эң кымбат шаарлары» рейтингинде акыркы орунга жайгаштырылган.

«Дүйнөнүн эң кымбат шаарлары» аталышындагы эл аралык рейтингде Бишкек 207 шаардын ичинен эң акыркы орунга жайгаштырылган. 2014-жылы Кыргызстандын борбору 209-орун алган, анда рейтингке 214 шаар катышкан болчу.

Рейтингди түзүүдө «Мерсер» эталон катары Американын Нью-Йорк шаарындагы жашоонун жана акыркы 12 ай ичиндеги АКШ долларынын жергиликтүү валютага болгон баасын алат.

Консалтинг фирмасынын пресс-релизине ылайык, алар бардык 207 шаардагы 200дөн ашык товар жана кызмат көрсөтүү бааларын салыштыришкан.

Рейтингдеги маалыматка ылайык, дүйнөдөгү эң кымбат шаар деп кайрадан эле Анголанын борбору Луанда табылган. Африка өлкөсүнүн борборунда эки бөлмөлүү батирдин ижарасы 6800 АКШ долларын түзөт, ал эми эки даана джинсы шымдын баасы 247 АКШ доллары болот.

Быйылкы рейтингде Бишкек Пакистандын Карачи жана Намибиянын Виндхука шаарларынан төмөнкү орунга жайгаштырылган. Кыргыз борбору 2013-2014-жылдар үчүн чыгарылган рейтингде аталган шаарлардан жогорку позицияда болгон.

Постсоветтик шаарлардын ичинен эң жогорку позицияга мурунку жылдардагыдай эле Москва шаары жайгаштырылган — бирок Орусиянын борбору 2015-жылкы рейтингде 40 позицияга төмөндөгөн: ал 9-орундан 50-орунга чейин түшкөн.

Рейтингде Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаары жок. Рейтингде эң жогорку секирикти Түркмөнстан борбору Ашхабад жасаган — ал 198-орундан 122-орунга чейин жогорулаган. Казакстандын Алматы шаары тескерисинче 18 позиция жоготкон — ал 94-орундан 111-орунга чейин түшкөн.

«Мерсер» «Дүйнөнүн эң кымбат шаарлары» рейтингин 21 жылдан бери чыгарып келет. Консалтинг фирмасы ошондой эле «Жашоо сапатынын деңгээли боюнча рейтинг» түзүү менен алектенет — анда Бишкек 2014-жылы 230 шаардын ичинен 208-орунга жайгаштырылган.