Конституциялык палатанын судьясы Клара Сооронкулова биометрикалык маалыматтар тууралуу мыйзамга макул болбогондугу үчүн Соттор кеңеши аны кызматтан кетирүү чечимине келди. Ал чечим анын сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча парламенттик комитетте нааразычылыгын билдиргенден кийин кабыл алынды.
Сооронкулованы Конституциялык палатанын судьялыгынына бошотуу чечими Кыргызстандын Соттор кеңешинин 18-июндагы жыйынында кабыл алынды. «КирТАГ» маалымат агенттиги жазгандай, кеңештин мүчөлөрү чечимдин кабыл алынышын бир добуштан колдошкон.
Регламент боюнча, кеңештин чечими президент Алмазбек Атамбаевге жөнөтүлөт, өз кезегинде өлкө башчысы документти Кыргызстандын парламентине жолдойт — бул боюнча акыркы чечим депутаттар тарабынан кабыл алынат.
Соттор кеңеши сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча парламенттик комитеттин кайрылуусунун негизинде чечим кабыл алган — депутаттар Сооронкулованын 2015-жылдын 27-майында биометрикалык маалыматтарды топтоо тууралуу мыйзамдын Кыргызстандын Конституциясына ылайык келбей тургандыгын жөнүндөгү билдирүүсүнө нааразы болушкан.
Конституциялык палата 27-майда укук коргоочулар Нурбек Токтакунов менен Токтайым Үмөталиеванын биометрикалык маалыматтарды топтоо жөнүндөгү жаңы мыйзамга каршы жазган доо арызын караган. Укук коргоочулардын пикирлеринде, ал мыйзам «иштебеген» жана «Конституцияга каршы келген» мыйзам болуп эсептелет.
Сооронкулова укук коргоочулардын доо арызы боюнча башкы баяндамачы болгон жана алардын көз карашын колдогон.
Сооронкулованын өзү Kloop.kgге берген маегинде Соттор кеңешинин чечимин мүчөлөрү тарабынан «мыйзамдын бардык ченемдери тепселип аткарылган» «буйрук» деп атады.
«Мунун бардыгы [кызматтан кетирүү тууралуу чечим] тез эле, эч кандай соттук териштирүүлөрсүз эле жасалды. Ал тууралуу мен кечээ гана уктум. Расмий түрдө алар мага кечээ гана билдиришти. Менде бир нерсе түшүндүрүүгө эч кандай мүмкүнчүлүк болгон жок», — деп билдирди Сооронкулова.
Анын айтымында, кызматтан бошотууга чейин Конституциялык палатанын судьясына карата берилген арызды кароонун «белгилүү бир тартиптик-өндүрүштүк баскычтары» бар.
Алгач даярдануу баскычы болот, анын жүрүшүндө арыз каралат, болуп өткөн окуяны жазуу жүзүндө түшүндүрүү үчүн арыз берилген судья чакырылат.
Андан соң дисциплинардык комиссия бардык топтолгон маалыматтарды карап чыгат да кызматтык териштирүү белгилейт жана анын жыйынтыктары менен судьяны тааныштырат.
Сооронкулованын айтымында, андан кийин маалымкат даярдалат жана анын негизинде иш Соттор кеңешине берилет. Кеңеш бул жол-жоболор аткарылгандан кийин гана жыйын өткөрүп чечим кабыл алат.
«Ушунун бардыгы эки айлык мөөнөттө жасалууда. Аларга арыз 10-июнда берилген… бүгүн 18-июнь — эгер дем алыш күндөрүн чыгарып салсак, анын бардыгы чоң тездик режиминде жасалган», — деп билдирди Сооронкулова.
Ал 18-июндагы жыйынды «формалдуу түрдө» өткөрүлдү деп эсептейт, анткени ага суроолор узатылган жок жана «видео көрсөтүп, матералдар менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн беришкен эмес».
«Бул жөн гана арзан шоу болду деп айтсам болот. Окшоштуруп койсо деле болмок, бирок алар убараланып да коюшкан жок», — деп кошумчалады Сооронкулова Kloop.kgге берген маегинде.
Ал президенттин кандай чечим кабыл ала тургандыгы боюнча божомол жасаган жок. Бирок айтымында, аны кызматтан алуу боюнча чечим депутаттардын ага «жазасын берип, тынч эс алуусу үчүн» «тез» кабыл алынууда.
Президенттин басма сөз катчысы Жанар Акаев азырынча өлкө башчысы Соттор кеңешинин чечими боюнча өз пикирин билдире албастыгын, анткени Эл аралык экономикалык форумга катышуу үчүн Санкт-Петербургга учуп бара жатканын билдирди.
Биометрика тууралуу мыйзам менен макул болбоо
Жогорку Кеңеш биометрикалык каттоо тууралуу мыйзамды 2014-жылдын жайында кабыл алган — анда Кыргызстандын бардык жарандарын өз биометрикалык маалыматтарын тапшырууга милдеттендиришкен.
2015-жылдын апрелинде депутаттар шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөрдү жактырышкан. Ал өзгөртүүлөргө ылайык, кыргызстандыктар өз биометрикалык маалыматтарын тапшырбаса парламенттик жана президенттик шайлоолорго катыша алышпайт.
«Прецедент» өнөктөштүк тобунун башчысы Нурбек Токтакунов менен 2009-жылкы президенттик шайлоого талапкерлигин койгон укук коргоочу Токтайым Үмөталиева Конституциялык палатага доо арыз жолдошкон — анда укук коргоочулар мыйзамды «иштебеген» жана Конституциянын ченемдерине «каршы келген» мыйзам деп аташкан.
2015-жылдын 27-майында Токтакунов менен Үмөталиеванын доо арызы боюнча соттун биринчи жыйынын өткөн — анда Жогорку Кеңештин өкүлү Света Болжурова доо арыз боюнча башкы баяндамачы болгон Клара Сооронкулованын четтетилишин өтүнгөн.
«Доочулар тарап юристтин дооматтарын негизсиз деп атады: доочулардын бири менен жердешчилиги жана жеке мамилелери, мажбурлап биометрикалык каттоодон өткөрүүнүн Конституцияга ылайык келбей тургандыгы жөнүндөгү көз карашын айтуусу», — деп жазган анда vb.kg жаңылыктар сайты.
Сооронкулова ишти кароодон четтетилгенден кийин биометрика тууралуу мыйзамды «мыйзамсыз» деп атаган — ал билдирүү сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча парламенттик комитеттин мүчөлөрүнүн нааразычылыгын жаратып, алар Соттор кеңешинен Конституциялык палатанын судьясынын айткандарына баа берүүсүн өтүнгөн.
Андан сырткары Сооронкулова ага карата Конституциялык палатанын төрагасы Муканбет Касымалиев тарабынан басым жасоолор болгондугу тууралуу билдирген.
«Бул ишти даярдоонун жүрүшүндө төрага тарабынан мага бир нече жолу басым жасалган. Ал мыйзамдын конституциялык деп аталышына кызыкдар болчу. Ал ишке москвалык көз карандысыз эксперт Николай Дмитриктин тартылышына тоскоолдуктарды кылган. Бирок ага карабастан ал экспертти чакыргам. Ал мыйзам конституциялык эмес деген тыянак чыгарды», — деп жазган vb.kg Сооронкулованын айткандарын.
Биометрика тууралуу иш боюнча Конституциялык палатадагы доочулардын бири Нурбек Токтакунов Соттор кеңешинин чечимин «Фэйсбук» социалдык түйүнүндөгү жеке баракчасы аркылуу сынга алып, сот органындагы «күчтөрдүн жайгашуусу» «эми сот адилеттигинде эмес» экендигин билдирди.
«Бүгүн Соттор кеңеши сот адилеттигине басым жасалып жаткандыгы тууралуу ачык билдирген судья Клара Сооронкулованы кызматтан кетирүүнү сунуштады», — деп жазды Токтакунов «Фэйсбуктагы» баракчасына.
Анын пикиринде, президент менен депутаттар «сот системасын толук баш ийдирип алышты».
«Бардыгына даяр болуу керек. Качан өлкөдө талаш-тартыштарды чечип бере турган күч жок болгондо, а ал күчтөр соттор гана, адилеттүүлүккө болгон суроо-талап канааттандыраарлык эмес бойдон калат, адамдарда агрессия топтолот. Саясий лидерлер нааразычылык энергиясын билгичтик менен пайдаланышууда. Бийлик өзү отурган бакты ынта менен кыйып жатат», — деп кошумчалады укук коргоочу.