Массачусетстеги Федералдык сот Бостон марафонундагы жардырууларды тергөөдө жалган көрсөтмө бергендиги үчүн кыргызстандык Хайрулло Матановду эки жарым жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.

2013-жылкы терактты ишке ашырууга күнөөлүү деп табылган бир тууган Тамерлан жана Джохар Царнаевдер менен байланышы бар болгон төртүнчү адам — Бостондо такси айдаган Матанов соттолду. Ага карата жалган көрсөтмө бергендиги үчүн 2,5 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыкты.

«Бейшемби күнү Бостон марафонундагы жардыруулардын уюштуруучулары менен байланышта болгон Кыргызстандын жараны 2013-жылдагы кайгылуу окуяны тергөөнүн жүрүшүндө жалган көрсөтмө бергендиги үчүн тергөөчүлөрдөн кечирим сурады. Андан соң ага карата 2,5 жылга федералдык абакка эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылды», — деп жазды «Рейтерс» маалымат агенттиги.

«Нью-Йорк Таймс» гезитинин журналисттеринин айтымдарында, сотто Матановдун «өңү кубарып» турган, а судья Уильям Янг тарабынан өкүм окулуп жатканда «анын көздөрүнөн чыккан жашты байкоого болгон».

«Мен жалган көрсөтмө бергеним үчүн ФБРден (Федералдык тергөөлөр бюросу) кечирим сурайм. Мен террористтик уюмдардын бирин дагы жактырбайм», — деп жазган гезит анын айткандарын.

Матанов Кыргызстандын жараны болуп эсептелет жана 2010-жылдан бери Бостондун четиндеги Куинси аймагында жашап келген. Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал теракт жасоого шектелгендердин бири, колго түшүрүү аракети маалында өлтүрүлгөн Тамерлан Царнаевдин досу болгон.

Кыргызстандык ФБР Царнаевдердин сүрөттөрүн жарыялап, аларды 2013-жылдын 19-апрелиндеги жардырууларга шектүү деп атагандан кийин Царнаевдер тууралуу маалыматтар менен полицияга барып, кийинчерээк полиция тарабынан кармалган.

Ага жардырууларды уюштурууга катыштыгы бар деген айып тагылган эмес. Ал 2015-жылдын мартында өзү жалган көрсөтмө бергендигин мойнуна алган — айтымында, ал Царнаевдерди жакшы билген жана жардыруулардан кийин дароо эле аларды кечки тамакка чакырган.

Бостон марафонунун марасындагы теракт 2013-жылдын 15-апрелинде болгон — анда эки жардыруунун жыйынтыгында үч адам каза болуп, 206сы түрдүү жаракаттарды алышкан.

2015-жылдын май айында сот арачылары бир туугандардын бири Джохар Царнаевди өлүм жазасына тартуу чечимин кабыл алышкан. Ал жогорку жазага өкүмдүн 17 беренесинин алтысы боюнча кесилген. Анын бир тууганы — Тамерлан — теракттан кийинки полиция менен болгон атышууларда өлтүрүлгөн.

Джохардын колледждеги үч досу — казакстандык студенттер Диас Кадырбаев менен Азамат Тажаяков жана америкалык Робел Филлипос — сот адилеттигине тоскоол кылгандыктары үчүн күнөөлүү деп табылышкан жана алар үч жылдан алты жылга чейинки мөөнөткө эрктеринен ажыратылуулары мүмкүн.