Өлкөнүн Евразиялык экономикалык биримдикке кириши жана «Орусиядагы каатчылыкка» байланыштуу Кыргызстан 2015-жылдын жайкы мезгилинде Казакстан менен Орусиядан туристтердин агымын күтүүдө, деп билдирди Туризм департаментинин башчысынын орун басары Улугбек Карымшаков.

Карымшаков Kloop.kgге берген маегинде Кыргызстан 2015-жылы 4,2 миллиондон ашык туристти күтүп жаткандыгын билдирди — чет элдик туристтердин көбүнүн Орусия менен Казакстандан келиши күтүлүүдө.

«Бизде жылда эле казакстандык жана орусиялык туристтер көп болчу. Быйыл дагы аталган өлкөлөрдүн жарандары көп келет деген үмүттөбүз», — деп билдирди Туризм департаментинин чиновниги.

Анын пикиринде, орусиялыктар менен казакстандыктардын тандоосунун башкы себеби — Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кириши болот. Андан сырткары ад орусиялыктар «каатчылыктан» улам Кыргызстанда эс алууну артык көрүшөт деп эсептейт. Бирок ал эмне болгон каатчылык экенин тактап айткан жок.

Ал ошондой эле чет элдик туристтердин Кыргызстанды тандоосуна өлкөдө эс алуунун арзандыгы себеп болорун кошумчалады. 17-июнда Эл аралык «Мерсер» консалтинг фирмасы өзүнүн жыл сайын чыгарылчу «Жашоого эң арзан шаарлары» боюнча отчетун жарыялаган. Анда Кыргызстандын борбору — Бишкек — акыркы орунга жайгаштырылып, дүйнөдөгү «эң арзан шаар» деп табылган.

«Орусияда азыр каатчылык болууда жана биз орусиялыктар эс алууга дал биздин өлкөгө келишет деп үмүттөнүп жатабыз, анткени бизде Европа өлкөлөрүнө караганда арзаныраак. Албетте тейлөө бир аз төмөнүрөөк, бирок биз жыл өткөн сайын тейлөөнү жакшыртууга аракет кылуудабыз», — деп кошумчалады Карымшаков.

Туризм департаменти ошондой эле Түштүк Кореядан туристтердин келишин күтүүдө, ал жакта жакында мекеменин өкүлчүлүгү ачылган. Карымшаков жакынкы убактарда Кыргызстан туризм тармагында кызматташуу тууралуу Индия менен меморандумга кол койгону жаткандыгын кошумчалады.

«Силер билгендей, Индия — бул калкы көп өлкө, анын [туристтик] потенциалын бизге акча төлөп келүүгө кудуреттүү болгон 300 миллион адам түзөт», — деди Карымшаков.

2015-жылы кыргыз бийлиги Ысык-Көлдөгү Тамчы аба майданында чоң учактарга ылайыкташтырылган учуу тилкесинин курулушун аяктады. Апрелде Ысык-Көл районунун башчысы Райымбек Имангазиев жайында Алматыдан, Оштон жана Новосибирсктен келчү каттамдардын ачылышы мүмкүндүгү тууралуу билдирген.

Туристтик «Феникс Трэвел» авиакассасынан Kloop.kgнин кабарчысына Оштон учуу каттамы 5-июлдан кийин башталарын айтышты, а калган каттамдар тууралуу алар эч нерсе айта алышкан жок.

2015-жылдын январында vb.kg жаңылыктар сайты Орусиянын туриндустрия биримдигинин күн сайын чыгуучу RATA-news электрондук гезитине шилтеме жасап, орусиялык туристтик операторлор Көз карандысыз өлкөлөр шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн бир катарына, анын ичинде Кыргызстанга болгон суроо-талаптын туруктуу өсүүсүн белгилешкендигин жазган.

Ошондой эле vb.kg жаңылыктар сайты 2014-жылы КМШнын парламенттер аралык ассамблеясынын сайтындагы сурамжылоодо Кыргызстан порталдын колдонуучулары баргысы келген өлкөлөрдүн алдынкы үчтүгүнө киргендигин жазган — жалпысынан анда добуш берүүгө 216 миң колдонуучу катышкан.

Туризм департаментинин маалымты боюнча, 2014-жылы Кыргызстанга 4 миллиондон ашык турист келген.

Авторлор: Айсулуу Бердалиева жана Жибек Кубаныч кызы.