Парламент депутаттары эрезеге жете элек өспүрүмдөрдүн кечки саат 22:00дөн кийин коомдук жайларда — көчөдө, стадиондордо, гүлбакчаларда, коомдук транспорттордо жалгыз жүрүүсүнө тыюу салган мыйзам долбоорун биротоло кабыл алышты.

Парламент «Кыргыз Республикасында балдардын саламаттыгына зыян келтирүүлөрдүн, алардын физикалык, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адеп-ахлактык өсүүсүнө зыян келтирүүлөрдүн алдын алуу чаралары жөнүндөгү» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.

Мыйзам долбоору эмне жөнүндө?

Документке ылайык, он сегизге чыга элек өспүрүмдөрдүн кечки саат 22:00дөн эртең мененки 06:00гө чейин чоңдордун коштоосусуз үйдөн чыгуусуна тыюу салынат, а жайкысын ал убакыт бир саатка жылат да тыюу салуу 23:00дөн тарта иштейт.

Мыйзамды депутаттар Эристина Кочкорова, Турсунбай Бакир уулу жана Нуркамил Мадалиев демилгелешкен — Бакир уулу менен Мадалиев «гейлерге каршы» жана «чет элдик тыңчылар» тууралуу талаштуу мыйзам долбоорлорун активдүү колдоп келгендиктери менен белгилүү.

Тыюу салынган коомдук жайлардын тизмеси

Эрезеге жете элек өспүрүмдөрдүн түнкүсүн жалгыз сейилдөөсүнө тыюу салынган коомдук жайлардын тизмеси узун, ошондук биз окурмандар үчүн тизмени топторго бөлүштүрдүк:

  • көчөлөр, сейил бактар, гүлзарлар;
  • коомдук транспорт;
  • бекеттер, аба майдандар жана жанаша жайгашкан аймактар — балдар поезддердин, электричкалардын жана учактардын жүргүнчүсү болгон учурлардан башкасы;
  • көлмөлөр жана жанаша жайгашкан аймактар;
  • соода аянттары, коомдук тамактануу жана эс алуу жайлары;
  • көңүл ачуучу жайлар — түнкү клубдар, мончолор, сауналар, соода-оюн-зоок жайлары — ликер-арак азыктары, сыра жана анын негизинде даярдалган суусундуктар сатылышы мүмкүн болгон жерлер;
  • интернет-кафелер жана интернет-клубдар;
  • көп батирлүү турак-үйлөрдүн жалпы колдонуудагы жерлери, аларга жанаша жайгашкан аймактар, алардын ичинде балдар жана спорттук аянттар.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси Нуркамил Мадалиев Kloop.kgге берген маегинде акыркы пунктту төмөндөгүдөй деп түшүндүрдү:

«Көп батирлүү үйлөрдүн жалпы колдонуудагы жерлери — бул жанаша жайгашкан аймак, аймактык райондор болсо керек. Бул батирдин сырты, үйдүн сырты болуп калат».

Ал ошондой эле көп батирлүү үйлөрдүн кире бериштери дагы эрезеге жете элек балдардын түнкүсүн жүрүүсүнө тыюу салынган жерлерге керерин кошумчалады.

Ошондой эле жалаң алкоголдук азыктар сатыла турган жайлар дагы тыюу салынган жерлерге кирет — андай жактарга сутканын кайсыл убактысы экенине карабастан он сегизге чыга электердин кирүүсүнө таптакыр тыюу салынган (мыйзамга ылайык, улуулардын коштоосусуз кирүүгө болбойт). Бул категорияга мисалы, сыра дүкөнчөлөрдү, элиталык спирт ичимдиктери сатылган дүкөндөрдү киргизүүгө болот.

«К-Ньюс» маалымат агенттиги жогорудагылардан сырткары мыйзамда дагы бир пункт табышкан. Ага ылайык, эрезеге жете электерге «сексуалдык мүнөздөгү товарларды сатууга арналган юридикалык же индивидуалдык ишкерлердин объектилерине» дагы кирүүгө тыюу салынат. Азырынча бул категорияга кандай жайлардын туура келе тургандыгы түшүнүксүз — бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн депутаттардын өзүлөрү жеткиликсиз болууда, а авторлордон башка мыйзамдарды эч ким түшүндүрүп бере албайт.

Чектөөлөр жаңы жыл түнү жана билим берүү мекемелериндеги бүтүрүү кечелерине тиешелүү болбойт.

«Жаңы жылда балдар сөзсүз түрдө ата-энелери менен болушат жана сөзсүз түрдө жаңы жылды түнкүсүн эшикте тосууга милдеттүү болушса керек», — деп түшүндүрдү Нуркамил Мадалиев.

Мыйзам долбоорун бул жерден окууга болот.

Бул мыйзамды алар эмнеге сунушташты?

Мыйзам долбооруна карата жазылган негиздеме-маалымкатта ал мыйзамдын кабыл алынышы керектигинин конкреттүү себептери жок — анда кыйла эле ачык эмес түшүндүрмө келтирилген: «мыйзам долбоору балдардын саламаттыгына зыян келтирүүлөрдүн, алардын физикалык, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адеп-ахлактык өсүүсүнө зыян келтирүүлөрдүн алдын алуу чараларын орнотуу максатында иштелип чыкты».

Андан сырткары Балдар жөнүндөгү кодекстин 6-беренесине шилтеме жасалган. Анда «балдардын физикалык, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адеп-ахлактык өнүгүшүнө көмөктөшүү» тууралуу айтылган.

Мыйзам Балдар жөнүндөгү кодексте балдардын укуктары менен кызыкчылыктарынын бузулушу үчүн мамлекеттин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле юридикалык жана физикалык тараптардын жоопкерчилиги жазылгандыктан кабыл алынууда.

Кайра кайталайбыз, так түшүндүрмөлөр жок.

Баланы ким коштоп жүрө алат?

Мыйзам долбооруна ылайык, төмөнкү адамдар баланын «мыйзамдуу өкүлү» боло алышат:

  • мыйзамдуу өкүлдөрү — ата-энеси, багып алган адамдар, баланы камкордукка алгандар же балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызматкери;
  • балдарга билим берүү, тарбиялоо, өстүрүү, саламаттыгын сактоо, социалдык коргоо жана социалдык кызмат көрсөтүү, алардын социалдык жактан көнүүсү сыяктуу балдардын катышуусундагы иш-чараларды иш жүзүнө ашырган адамдар.

«Кээ бир жерлерин кайрадан карап чыгуу керек»

«Коммерциялык эмес уюмдардын Кыргызстандагы балдардын укуктары менен кызыкчылыктарын алдыга жылдыруу боюнча ассоциациясынын» юристи Мирлан Медетов Kloop.kgге берген маегинде мыйзам долбоорунун кээ бир жерлерин «кайрадан карап чыгуу керектигин» билдирди.

«Мына мисалы, эң башкысы коомдук жайларга көп кабаттуу үйлөрдүн алдындагы короолор кирбеши керек, анткени жайкысын балдар ал жактарда кечирээк дагы сейилдеп жүрүшсө болот да», — деп эсептейт Медетов.

Андан сырткары юрист жаңы мыйзамда чектелген жаш куракты төмөндөтүүнү сунуштады — анын айтымында, 18 жашты 16 же 14 жашка чейин төмөндөтүүгө болот.

Медетов ошондой эле балдардын «мыйзамдуу өкүлдөрүнүн» чөйрөсүн кеңейтип, ага «үй-бүлөнүн улуу мүчөлөрүнүн» кошулушун колдой тургандыгын айтты.

Аны менен катар ассоциация мыйзам долбоорун колдоп, аны «учурдагы шарттарда зарыл» деп атады. Бирок ал эмне болгон «учурдагы шарт экенин» жана мыйзамдын эмне себептен «зарыл» болуп эсептелерин тактап айткан жок.

2015-жылдын январында депутат Турсунбай Бакир уулу демилгени кесиптештерине тааныштырганда парламентарийлердин бир катары мыйзам иштебестигин жана коррупциялык схемаларды гана жаратышы мүмкүн деген пикирлерин билдиришкен.

«Балдар короодо ойношу мүмкүн же коңщу үйгө мейманга барышы мүмкүн. Анда эмне болот? Милиционерлер андай балдарды кармап, ата-энесине айып салабы? Же улуулар баланы дарыканага же дүкөнгө нанга барып келүүсүн өтүнүшү мүмкүн. Аларга бул үчүн дагы айып салышабы?» — деп суроо салган анда «ата-журтчу» Дастан Жумабеков.

«К-Ньюс» агенттигинин маалыматы боюнча, Жумабековду «көптөгөн депутаттар» колдоп, азыркы балдар мектепке өз алдынча барышарын, спорттук ийримдерге, машыгууларга көпчүлүк учурларда улуулардын коштоосусуз эле бара тургандыктарын, а 16-17 жашта аймактар боюнча өз алдынча жүрө тургандыктарын белгилешкен.

Мыйзам бузуулар үчүн айыптар

Мыйзамга ылайык, айыптар Административдик жоопкерчилик тууралуу кодекске киргизилген өзгөртүүлөрдүн аркасында киргизилүүдө.

Жарандарга 300 сомдон 500 сомго чейинки айыптарды салуу сунушталууда. Кызмат адамдары 500 сомдон 1000 сомго чейин, а индивидуалдуу ишкерлер менен юридикалык тараптар 1000 сомдон 1500 сомго чейинки суммадагы айып төлөөлөрү керек болот.

«Балдар үчүн коменданттык саат»

Буга окшогон мыйзам Орусияда 2009-жылы кабыл алынган. «Эрезеге жете электердин кароосуздугу жана укук бузууларын алдын алуу боюнча чаралар тууралуу» Орусиянын мыйзамы 16 жашка чейинки балдарга тиешелүү болгон.

Документке ылайык, балдардын «эрезеге жете электердин сырткы көрүнүшүн баалоо жана демонстрациялоого байланышкан иш-чараларга» баруусуна тыюу салат, ошондой эле жашы жете элек балдардын оюн жана ичкилик ичилүүчү жайларга жеткиликтүүлүгүн чектейт.

Орусиялыктар жаңы мыйзамга карата нааразычылыктарын билдиришкен. Алсак, Краснодар аймагынын жашоочулары ал мыйзамга каршы пикеттерге чыгышкан.

Кийинчерээк, ошол эле жылы, Орусия Федерациясынын президенти Дмитрий Медведевдин демилгеси менен Мамлекеттик Дума аймактык башкаруу органдарына тыюу салууга туш келчү балдардын жаш курагы менен чектөө убактыларын өз алдынча белгилөөгө уруксат берип, мыйзамды өзгөрткөн.

Эреже катары Америка Кошмо Штаттарынын жергиликтүү бийликтери мындай мыйзамдарды өспүрүмдөр тарабынан жасалган кылмыштардын санын азайтуу үчүн кабыл алышат.

Сүрөт: Гладис Темирчиева.