Алиясбек Алымкулов Кыргызстандын Жаштар, эмгек жана миграция министрлигинин башчысы кезинде «түрдүү тармактарда» падышалыктын колдоосун алуу максатында Сауд Аравиясынын Астанадагы элчилигине «жашыруун» сапары менен барган. Алымкуловдун өзү Астанадагы элчиликке болгон сапарын четке кагууда.

«Викиликс» эл аралык уюму Сауд Аравиясынын Тышкы иштер министрлигинин жашыруун документтерин жарыялап баштады — уюмдун маалыматы боюнча, жалпысынан 500 миң документ жарыяланат.

Жарыяланган дипломатиялык билдирүүлөрдүн биринде Кыргызстандын мурунку жаштар, эмгек жана миграция министри Алиясбек Алымкуловдун Сауд Аравиясынын Астанадагы элчилигине барган сапары тууралуу айтылган — анда ал сапардын «жеке жана жашыруун» болгондугу белгиленген.

Документте дипломатиялык шашылыш билдирүү Алымкуловдун 2012-жылдын аягындагы Сауд Аравиясына болгон сапарынын алдында жөнөтүлгөндүгү көрсөтүлгөн.

Ошондой эле Сауд Аравиясынын ТИМинин билдирүүсүндө Алымкуловдун «жеке сапарларында» аны Мусулман жаштарынын бүткүл дүйнөлүк ассамблеясынын башчысы Саид Баюми менен Кыргызстандын Жаштар министринин орун басары Марат Нуралиев коштоп жүргөндүктөрү айтылган.

«[…] Ал элчиликте (Сауд Аравиясынын) бир нече саат болуп, ал убакыт ичинде иштеги убактылуу ишенимдүү адам менен сүйлөшкөн», — деп жазылган «Викиликс» тарабынан жарыяланган шашылыш билдирүүдө.

Документке ылайык, экс-жаштар министринин сапарынын максаты «түрдүү тармактарда» падышалыктын колдоосу менен жардамына ээ болуу, ошондой эле өзүнүн Сауд Аравиясына баруу «умтулуусун» көрсөтүү болгон.

«Ал элчиликке араб тилин окуп үйрөнүүгө мүмкүн болгон жаштардын билим берүү борборлорун, спорттук борборлорду, мектептерди, университеттерди жана институттарды түзүүгө жардам берүүнү сунуштаган — бул маселелерди дипломатиялык каналдар боюнча, же министрдин Сауд Аравиясына болчу сапарынын жүрүшүндө иштеп чыгууга болот», — деп жазылган шашылыш билдирүүдө.

Жашыруун дипломатиялык документке ылайык, экс-министрдин үчүнчү сунушу Сауд Аравиясынын Бишкектеги элчилигин ачуу болгон. Падышалыктын дипломатиялык өкүлчүлүгү 2011-жылдын декабрында иштеп баштаган, бирок анда ал «Хаятт» мейманканасында жайгашкан.

«Кыргыз министринин падышалыкка баргысы келген сыяктуу, андыктан Жаштар иштери боюнча башкы башкармалыктын президенти аны расмий түрдө чакырса жакшы болот», — деп жазылган дипломатиялык билдирүүдө.

«Расмий сапарларга гана баргам»

Мурунку жаштар, эмгек жана миграция министри Алиясбек Алымкулов Kloop.kgге курган маегинде дипломатиялык документтердеги маалыматтарды четке кагып, «эч кандай жеке сапарларга барбагандыгын» билдирди.

«Министр кезимде мен эч качан эч жакка жеке сапар менен барган эмесмин», — деп ишендирди Алымкулов.

Айтымында, ал Сауд Аравиясына барып, анда Жаштар иштери боюнча башкы башкармалыктын президенти, ханзада Науафа бин Фейсал бин Фахд бин Абдель Азиз менен жолуккан, бирок ал расмий сапар болгон.

Алымкулов анын ал сапары алдында даярдыктар болгондугун кошумчалады. Бирок андагы даярдыктарга катышкан-катышпагандыгы тууралуу так түшүндүрүп айтып берген жок.

Бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жеткиликсиз болуп чыкты.

«Викиликс»

«Викиликс» — купуя булактардан алынган жашыруун материалдарды жарыялоо менен алектенген эл аралык уюм. Ал мурунку журналист Джулиан Ассанж тарабынан негизделген.

Уюм кеңири белгилүүлүккө 2010-жылы, АКШнын дипломаттарынын 250 миң жашыруун билдирүүлөрүн жарыялагандан кийин жеткен.

Ал жашыруун билдирүүлөрдүн арасында АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин документтери да болгон. Жарыяланган документтерден мурунку элчи Татьяна Гфеллер экс-президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевди «коррупциялашкан» деп атап, бирок аны «АКШнын өкмөтүнө пайда алып келе турган» потенциалдуу союздаш катары көргөндүгү белгилүү болгон.

Андан сырткары дипломатиялык билдирүүлөрдүн биринде Гфеллер президенттин администрациясынын мурунку башчысы Медет Садыркулов менен анын өлүмүнө бир ай калганда жолуккандыгы көрсөтүлгөн — саясатчы Курманбек Бакиевди бийликтен күч менен кетирүүгө аракет кылган.

Тема боюнча: «Викиликс» сайтындагы Кыргызстанга байланышкан маалыматтар

«Викиликс» Сауд Аравиясынын Тышкы иштер министрлигинин жашыруун документтерин 2015-жылдын 19-июнунда жарыялап баштады. Уюмдун маалыматы боюнча, жарыяланып жаткан дипломатиялык билдирүүлөр өз ичине падышалыктын түрдүү өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүнүн, Ички иштер министрлигинин жана падышалыктын Башкы чалгындоо кызматынын жашырун маалыматтарын камтыйт.