Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кириши боюнча документтердин Казакстандын, Белоруссиянын жана Орусиянын парламенттери тарабынан жакынкы күндөрү ратификацияланышына үмүттөнүп жаткандыгын билдирди. Бул билдирүүнү ал Орусиянын президенти Владимир Путин менен болгон жолугушуусунда жасаган.

Атамбаев менен Путин 19-июнда Санкт-Петербургдагы эл аралык экономикалык форумда жолугушкан, деп билдирди Орусиянын президентинин басма сөзкызматы.

Анда кыргыз президенти Кыргызстандын 1-июлдан тарта Евразиялык экономикалык биримдиктин толук укуктуу мүчөсү болушун күтүп жаткандыгын билдирген.

«Албетте биз июндун аягына чейин Орусиянын, Белоруссиянын жана Казакстандын парламенттери өлкөнүн Евразиялык экономикалык биримдикке кириши боюнча келишимдерди ратификациялайт деген үмүттөбүз, Армения буга чейин ратификациялаган», — деп билдирди өлкө башчысы.

Өз кезегинде Владимир Путин Кыргызстанды Орусиянын Борбордук Азиядагы «маанилүү өнөктөшү» деп атап, өлкөнүн ЕАЭБдеги толук укуктуу мүчөлүгү үчүн «керектүү болгон бардык жол-жоболорду аяктоону» убадалады.

«Азыр биз Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке киришине байланышкан өтө маанилүү чечим баскычында турабыз. Биз зарыл болгон бардык формалдуу жол-жоболордун жакынкы убактарды аякташы үчүн болгон аракеттерди көрөбүз», — деп билдирди Орусиянын президенти.

Буга чейин премьер-министр Темир Сариев парламенттин 19-июндагы жыйынында жайкы эс алууга чейин ЕАЭБге мүчө бардык өлкөлөрдүн парламенттери Кыргызстандын биримдикке кириши боюнча документтерди ратификация кыла тургандыктарын билдирген.

«Эс алууга тараганга чейин ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн бардыгынын тең парламенттери Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кириши боюнча документтерди ратификациялашы керек», — деп билдирген анда кыргыз премьери.

Кыргызстан ЕАЭБге кириши боюнча акыркы документтерге 2015-жылдын 8-майында Москвада кол койгон. Кыргыз парламенти ал документтерди 20-майда ратификациялап, эртеси Кыргызстандын ЕАЭБге кириши тууралуу келишим менен тиешелүү протоколдорго президент Алмазбек Атамбаев тарабынан кол коюлган.

ЕАЭБге мүчө өлкөлөр Кыргызстандын биримдикке кириши боюнча документтерди майдын ортосунда карап баштагандыктарын Сариев 20-майда билдирген.

Евразиялык биримдикке кирүү

Евразиялык экономикалык биримдик — Орусия, Казакстан жана Беларусь тарабынан түзүлгөн интеграциялык биримдик. 2015-жылдын 1-январынан тарта ага Кыргызстан менен Армения дагы кирет.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев ЕАЭБге кирүү жөнүндөгү макулдашууга 2014-жылдын 23-декабрында кол койгон. Бирок ал анда өлкө 2015-жылдын май айында гана биримдиктин толук кандуу мүчөсү боло ала тургандыгын билдирген.

Кыргызстан биримдикке кошулуу процессин 2011-жылдын жазында эле баштаган. 2014-жылдын майында өлкө биримдикке кирүү боюнча 181 пункттан турган Жол картасын аткарып баштаган. Ошол эле жылдын күзүндө экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаев ал процессти өлкөнүн сырткы саясатынын «приоритети» деп атаган.

Кыргызстан 2015-жылдын 8-майында ЕАЭБдин толук укуктуу мүчөсү болот деп күтүлүп жаткан, бирок апрелдин аягында премьер-министр Темир Сариев биримдикке кирүү «кечеңдер жатканын» билдирген.

Кыргызстандын бийлиги ЕАЭБге кирүү үчүн Жол картасынын 181 пункттан турган тизмесин аткарышы керек болчу — тиешелүү мыйзамдарды, нормативдук-укуктук актыларды кабыл алып, бажы жана чек ара пункттарына жаңы жабдууларды орнотуу.

Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча сүйлөшүүлөр 2011-жылы башталып, өлкөдө көптөгөн талаш-тартыштарды жараткан.

Кыргызстандын Бажы биримдигине киришин колдогондор Кыргызстандын ишкерлери үчүн Казакстан жана Орусия сыяктуу ири сатып өткөрүү рыноктору ачылат деп эсептешет.

Каршы болгондор болсо Кытайдан келген товарларды КМШ өлкөлөрүнө кайрадан экспорттоо менен алектенген ишкерлердин банкрот болуу ыктымалдыгынан, ошондой эле Орусиянын Кыргызстанга болгон саясий таасиринин күчөшүнөн кооптонуп келишет.

Кыргызстан ЕАЭБге кирээр алдында президент Алмазбек Атамбаев Европа өлкөлөрүнө иш-сапары менен барып, өлкө башчылары менен жолугушуп, бизнес-форумдарга катышкан. Ал европалык ишкерлерди Кыргызстандын ЕАЭБ менен Кытайдын рынокторуна чыгууга «ачкыч» болуп бере тургандыгына ишендирген.