Каталониянын Альпинизм федерациясы Кыргызстандын тоолорундагы көчкүдөн Испаниянын үч жараны каза болгондугун билдирди. Бул тууралуу эл аралык «Ассошиэйтед пресс» маалымат агенттиги кабарлоодо. Азырынча Кыргызстандын ӨКМи ал окуя боюнча эч нерсе билбейт.

Каза болгондор чыгыш Испаниянын альпинисттер тобунун курамындагы  18 жаштан 24 жашка чейинки испан жарандары болушкан деп билдирди «Ассошиэйтед пресс» агенттиги.

Каталониянын Альпинизм федерациясынын маалыматы боюнча, ал топ Кыргызстанга 16-июнда кетип, өлкөдө бир ай болуп кайтууну пландап жаткан.

«Федерация каза болгондордун денелерин кайра Испанияга жеткирүүнүн үстүндө иштеп жаткандыктарын билдирди», ― деп жазган маалымат агенттиги.

«Ассошиэйтед пресс» кырсыктан башка эч ким каза болбогондугун билдирди. Азырынча ал окуянын кайсыл аймакта болгондугу белгисиз.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен «аларга жардам сурап эч ким кайрылбагандыктан» кырсык тууралуу эч нерсе билбей тургандыктарын билдиришти.

«Бизге эч ким кайрылган жок: элчиликтен дагы, консулдук кызматтан дагы, федерациядан дагы ― бизге кайрылышкан жок», ― деп билдиришти мекемеден.