Парламенттик «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев «чет элдик тыңчылар жөнүндөгү» мыйзам долбоорунда бейөкмөт уюмдарды «чет элдик тыңчылар» деп атабоону сунуштады. Ал өзү аталган актыны колдойт.
Текебаев 23-июнда маалымат жыйынын өткөрүп, анда «чет элдик тыңчылар» жөнүндөгү мыйзам долбоорун «сөзсүз зарыл» деп эсептей тургандыгын билдирди.
«Ушундай эле катаал чаралар саясий партияларга дагы коюлууда. Саясий партиялардын чет өлкөдөн каржы колдоо алуусуна таптакын тыюу салынган. Албетте, чет өлкөлөрдөн каржы жардамдарын алып жаткандар саясий партияларды алмаштырбоосу керек», — деди ал.
Бирок саясатчы бейөкмөт уюмдарды «чет элдик тыңчы» деп атоо — «жарабастыгын» билдирди. Айтымында, анда кыргыз тилинде кыйла ийкемсиз — «тыңчы» деген түшүндүрмө пайдаланылып жатат. Ал сөздү кайрадан орусчага түзмө-түз которгондо «шпион» деген маанини берип калууда.
«Менин оюмча, мындай сөзмө-сөз түшүнүү мыйзамдын маанисин өзгөртөт, жергиликтүү бейөкмөт уюмдардын макамын өзгөртүп, алардын ар-намысын кемсинтет. Дал терминдерди алмаштыруу керек», — деди Текебаев.
Депутат эгер жарандык коом күчтүү болсо, анда саясий күчтөр «чет элдик тыңчы» аныктамасын кыянат пайдаланышпайт деп божомолдойт.
Буга чейин Текебаевдин кесиптеши — депутат жана «Ар-Намыс» партиясынын лидери Феликс Кулов дагы «чет элдик тыңчылар» тууралуу мыйзамдагы аныктаманы өзгөртүүнү сунуштаган. Анын айтымында, адамдардын «чет элдик тыңчы» туюнтмасын тыңчылар (шпиондор) менен байланыштырышпасы үчүн аны жумшартуу керек.
Мыйзам долбоору 2014-жылдын июнунда демилгеленген. 2015-жылдын июнунда парламенттеги үч окуунун биринчисинде жактырылган. Акт «саясий ишмердүүлүк» менен алектенген бейөкмөт уюмдарга каршы багытталган.
Бирок мыйзам долбоорунун авторлору, депутаттар Турсунбай Бакир уулу менен Нуркамил Мадалиев «саясий ишмердүүлүктүн» эмне экендигине так аныктама бере алышкан эмес — Мадалиев 2015-жылдын апрелинде «саясий ишмердүүлүктүн» «философиялык түшүнүк» экенин билдирген.
Аны менен катары бейөкмөт уюмдар Салык кызматы менен Социалдык фондго отчет тапшыруудан сырткары, өз ишмердүүлүгү тууралуу Юстиция министрлигине дагы кошумча отчет тапшырууга милдеттүү болушат.
Президент Алмазбек Атамбаев 2014-жылдын ноябрында актынын идеясын колдогон, бирок документ боюнча акыркы пикирин анын парламент тарабынан жактырылган акыркы версиясын көргөндөн кийин гана билдире тургандыгын бир нече жолу белгилеген.
Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын көбү мыйзам долбооруна каршы чыгышып, «чет элдик тыңчы» макамын «кемсинтүүчү макам» деп аташкан, ошондой эле алар президентке «тирешүүнүн ордуна кызматташууну» сунушташкан.
«СССРге кайтуу»
«Бир дүйнө» укук коргоо уюмунун башчысы Төлөйкан Исмаилова 2015-жылдын июнунда «чет элдик тыңчылар» жөнүндөгү мыйзам долбоорунун каралышы жана кабыл алынышы — бул «СССРге, тоталитардык-авторитардык системага кайтуу» экендигин билдирген.
«Биз бул процесске өтө узак убакыт көзөмөл жүргүздүк жана азыр Орусиянын басымы өтө күчтүү болуп кетти, ал биздин жетекчилигибиз айткандай экономикалык процессте эмес, а жарандык жана саясий укуктарга таасир этип жатат деп айта алабыз. […] Мен өз жарандарына каршы ушундай күчтүү соккуну демилгелеген депутаттарды түшүнбөй турам — бул таптакыр түшүнүксүз, анткени оруиялык талаа таптакыр башка да», — деп эсептейт Исмаилова.
«Бир дүйнөнүн» башчысы президент мыйзамга кол койгондон кийин да «алар ага каршы күрөшүүсүн токтотпой тургандыктарын» белгиледи — дагы Конституциялык палата «жана башка баскычтар» бар.
«Менин оюмча, бул бейөкмөт уюмдар, жарандык коомчулук, демократиялык лидерлер үчүн [кезектеги] сыноо», — деп белгиледи Исмаилова.
Шайлоолор жана парламенттин ишине мониторинг жүргүзүү менен алектенген «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын» башчысы Динара Ошурахунова «депутаттар бардык экспертизаларды уруп да ойношкон жок» деп эсептейт.
«Бул мыйзамга байланышкан бардык милдеттүү экспертизалар мыйзамдын Конституцияга, анын ченемдерине каршы келерин көрсөтүштү. Бирок алар [депутаттар] аны көңүлдөрүнө алууну каалашкан жок. Бейөкмөт уюмдар алар менен чоң иш жасашып, [ал мыйзам боюнча] түшүндүрүштү, бирок алар ага дагы көңүл бурушкан жок», — деп билдирген Ошурахунова мыйзам долбоору парламенттин биринчи окуусунда кабыо аоынгандан кийин.
Ал мыйзам долбооруна депутаттар «Москвадан берилген буйрутма» боюнча добуш беришкендигин билдирип, «чет элдик тыңчылар» жөнүндөгү мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин депутаттар 2013-жылы Орусияда болгондой чет өлкөлүк ЖМКларга киришип башташы мүмкүндүгүн кошумчалаган.
«Алардын бул мыйзам долбоорун өзүбүз демилгеледик деп айтып жатышы — болбогон сөз. Мунун бардыгы Москвадан берилген буйрутма жана депутаттар аны коркоктук менен аткарып жатышат», — деген Ошурахунова.
«Демокартия жана жарандык коом үчүн коалициясынын» башчысы мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин «башкача ой жүгүрткөндөр Кыргызстанда куугунтукка алынат» деп эсептейт.