Жарыяланган видеодо Жол кайгуул кызматынын инспектору асманга ок чыгарып, андан соң байкерди тапанча менен мээлеп жаткандыгы көрүнүп турат. Видеого ылайык, мотоциклдин айдоочусу милиция кызматкерине баш ийүүдөн баш тарткан.

Видео drive2.kg сайтына жарыяланган. Анда байкер милиция кызматкерлеринин талаптарына баш ийбестен, жогорку ылдамдыкта кетип калгандыгы тартылып алынган.

ЖКК инспектору анын артынан эскертүү катары асманга ок чыгарып, байкерди мээлеп калган, бирок аны көздөй аткан эмес. Андан кийин милиционерлердин рация аркылуу жолду жабуу тууралуу айтып жаткандыктарын угулуп турат.