Депутаттар «салттуу эмес сексуалдык мамилелерди ЖМКларда жана интернетте пропагандалоо» үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартууну сунуштаган мыйзам долбоорунун экинчи окууда кабыл алынышын дээрлик бир добуштан колдошту.
Мыйзам долбоору боюнча экинчи окууда добуш берүү 24-июнда болду — анын жыйынтыгында документтин кабыл алынышы үчүн 90 депутат добуш берип, эки парламентарий каршы болушту. Мыйзам долбоору эч кандай талкуусуз эле кабыл алынды. 19-июнга белгиленген талкуу да болбой калган.
Анда депутаттар мыйзам долбоорунун демилгечилерине (автор катары 30га жакын эл өкүлү чыгууда) бир дагы суроо бербестен аны дароо эле добуш берүүгө жөнөтүшкөн.
«Салттуу эмес сексуалдык мамилелерди пропагандалоого тыюу салган» мыйзам долбоору 2014-жылдын жазында демилгеленген.
Ага ылайык, эгер «салттуу эмес мамилелерге» карата жакшы пикир балдардын арасында жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу калыптандырыла турган болсо, анда жазанын катаалдыгы бир жылга чейин эркинен ажыратууга чейин жетиши мүмкүн.
Мыйзамдын авторлору дээрлик бир жылга жакын «салттуу эмес сексуалдык мамилелер» терминине аныктама бере алышкан эмес жана 2015-жылдын февралында гана алар документтин долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизишкен. Ал өзгөртүүлөргө ылайык, алар жогорудагы терминди «бир жыныстагы адамдардын жыныстык катнашка баруусу жана алардын ортосундагы сексуалдык байланыштар» деп түшүнүшөт.
Акт Кыргызстанда гомофобиянын күчөшүнүн фонунда жазылган. Анын даярдалып жаткандыгы тууралуу 12-мартта — парламент имаратынын алдында 100гө чукул адамдан турган топ «гей-пропагандага каршы акция өткөргөн күнү жарыяланган.
Мыйзам долбоору эл аралык уюмдар менен башка өлкөлөрдүн сын-пикирлерин жараткан. Европалык парламенттин депутаттары ушул жылдын 15-январында кыргыз парламентарийлерин мыйзам долбоорун чакырып алууга чакырышкан.
«Европалык парламент […] бул мыйзам долбоорунун каралышына жана катаал, адамгерчиликсиз, кемсинткен мамилелерге алып барышы мүмкүн болгон бардык аракеттерге терең өкүнүп, бардык өлкөлөрдү гомосексуалдуулукту кылмыш катары кароону тез арада токтотууга чакырат», — деп жазылган резолюциянын болжолдуу текстинде.
Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешине мүчө өлкөлөр дагы кыргыз парламентинин депутаттарын мыйзам долбоорун чакырып алууга жана аны кароону токтотууга чакырышкан.
Бирок документтин демилгечилери аны чакырып алуудан баш тартышып, Европарламент менен БУУнун Кеңешинин сын-пикирлерин — «Кыргызстандын ички иштерине кийлигишүү» деп аташкан.
Жергиликтүү укук коргоо уюмдары мыйзам долбоорун «басмырлоочу» мыйзам долбоору деп атап келишет.