Акыйкатчы Бактыбек Аманбаев аны «активдүү саясий ишмердүүлүгүнөн» улам кызматтан кетиргилери келип жатат деп эсептейт. Айтымында, парламентке коррупция маселесин козгобогон «тил алчаак» мамлекеттик укук коргоочу керек.

Аманбаев Kloop.kgге берген маегинде парламент аны системалык коррупция маселелерин көтөрүп чыккандыгы үчүн акыйкатчы кызматынан четтеткиси келип жаткандыгын билдирди.

«Акыйкатчынын мындай жигердүү ишмердүүлүгү көпчүлүк депутаттарга жакпай жатат. Депутаттарга тил алчаак акыйкатчылар керек, ошондуктан алар тил алчаак акыйкатчыны дайындоо үчүн мени парламенттик шайлоонун алдында кетиргилери келип жатат», — деди ал.

Аманбаевдин айтымында, анын отставкасы тууралуу маселени алгач КСДП фракциясы көтөрүп чыккан. Ал социал-демократтарды «мыйзамсыздык менен өзүмбилемдикке» айыптады.

«Биз ишти жакшы жүргүзүп жатканбыз. КСДП фракциясынын гана депутаттары мени мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетирүү тууралуу чечим кабыл алышты. [Кызматтан бошотууну] комитет, андан кийин парламент сунуштап жатат. Бул мыйзамсыз», — деди ал.

Аманбаев анын кызматтан кетиши Акыйкатчы институтун «кыйратып», Кыргызстандагы демократиялык системага «сокку урат» деп эсептейт.

Укук коргоочу парламенттин «Конституцияга каршы келген чечим» кабыл албоосуна таасир этишин өтүнүп, президент Алмазбек Атамбаевге колдоо сурап кайрылганын билдирди.

КСДП фракциясы акыйкатчынын айыптоолоруна жооп катары парламенттеги социал-демократтар Аманбаевдин «сабатсыздыгына таң калып жаткандыктарын» билдирди.

«Кантип эле ага кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотуу механизми түшүнүксүз болсун? Депутаттарга – түшүнүктүү эле. Парламенттин башка депутаттарындай эле КСДП фракциясынын депутаттары да өз чечимдерин учурдагы мыйзамга ылайык кабыл алышат», — деп жазган CA-NEWS жаңылыктар порталы КСДПнын билдирүүсүн.

Социал-демократтар акыйкатчыга «укуктук билиминин деңгээлин жогорулатуу» кеңешин беришти.

Акыйкатчынын отставкасы тууралуу маселе парламентте июндун башында, депутаттар Аманбаевдин ар жылдык отчетун канааттандыраарлык эмес деп табышкан соң көтөрүлгөн.

«Акыйкатчы жөнүндөгү» мыйзамга ылайык, ар жылдык баяндаманын канааттандыраарлык эмес деп табылышы акыйкатчынын ыйгарым укуктарынын токтотулушуна алып келет. Бирок аны отставкага кетирүүнүн себептерин изилдеп чыга турган атайын комиссия түзүлүшү керек.

Автор: Бактыгүл Ракымбаева.