Бишкектин борборунда «белгисиз эки адам» менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлеринин ортосунда ок атышуу болуп, аларды колго түшүрүү планы жарыяланды, деп билдиришти Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан.

25-мюнь күнү кечинде Бишкектин борборундагы Исанов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде атышуулардын үнү угулду. Милициянын билдирүүсү боюнча, ал атышуулар атайын кызматтагылар тарабынан белгисиз эки адамды колго түшүрүү иштерине байланыштуу болгон.

ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге колго түшүрүү планы атышуулар болгон көчөлөрдүн кесилиши аймагында жарыялангандыгын билдирди. Шектүүлөрдү издөө операциясы милиция менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери тарабынан биргеликте өткөрүлүүдө.

«Учурда шектүү адамдардын кайсыл жерде экендигин аныктоо жана колго түшүрүү боюнча ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат», ― деп билдирди Осмонбаев.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, шектүүлөр экөө, бирок «алардын так саны белгисиз».

vb.kg жаңылыктар сайты билдиргендей, укук коргоо органдары «Казакстандын эки жаранын» издеп жатышат.

«Алдын ала маалыматтар боюнча, болжол менен саат 21:00дөрдө УКМКнын кызматкерлери Исанов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинен 25-35 жаштардагы эки кишини кармоого аракет кылышкан. Алар көрсөтмөлүү аракет менен граната алып чыгышкан, а бирөөсү тапанчасын сууруп чыгып, асманга ок чыгарган. Андан соң качып, жашырынып калышкан», ― деп жазды vb.kg.

ИИМдин басма сөз кызматынан vb.kgде жазылган маалыматтарды ырастап, толук маалымат 26-июнь күнү эртең менен гана болорун кошумчалашты.

«Азырынча [колго түшүрүү операциясынын качан аяктай тургандыгы] белгисиз. Ал түнү бою уланышы мүмкүн», ― деп түшүндүрдү Эрнис Осмонбаев.

Бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы менен УКМКнын басма сөз кызматтары жеткиликсиз болуп жатышат.

Азырынча атайын кызматтын өкүлдөрүнүн шектүү адамдарды кандай максатта кармоого аракет кылгандыктары белгисиз.

«КирТАГ» маалымат агенттиги изделип жаткан адамдар кылмыш жасоого шектелип жаткандыктарын «басылманын маектештерине» шилтеме жасап билдирүүдө. Бирок азырынча анын кандай кылмыш экендиги белгисиз.