Жарандык активисттер, саясат таануучулар, саясатчылар жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү президент менен парламентти Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизбөөгө чакырышты. Алар ошондой эле парламенттин кийинки чакырылышы «бийлик органдары менен жоопкерчиликти бөлүшсө» деген каалоолорун айтышты.
Жарандардын «Мага баары бир эмес» форуму Бишкекте 23-24-июнь күндөрү өттү ― анда катышуучулар Кыргызстандын бийлигиндеги көйгөйлөрдү талкуулашып, иш-чаранын жыйынтыгы боюнча президент менен парламентке кайрылышты.
Келерки парламентке
Форумдун катышуучулары парламенттин келерки, VI (алтынчы) чакырылышынан жарандар менен «көбүрөөк кызматташууну» жана аларды чечим кабыл алуу процесстерине катыштырууну талап кылышты. Кайрылууга ылайык, бул «парламентаризмдин бекемделишине» жардам берет.
«Парламентте кабыл алынып жаткан чечимдердин бардыгы тең талкууланышы керек, депутаттар кабыл алынган чечимдер канчалык деңгээлде шайлоочулардын кызыкчылыктары менен күтүүлөрүнө жооп бере тургандыгы боюнча адамдар менен пикир алмашуулары керек болот», ― деп жазылган келерки парламент үчүн даярдалган кайрылууда.
«Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын» башчысы Динара Ошурахунованын пикиринде, «президентке караганда парламентке болгон үмүттөр бийигирээк болушу керек».
«Чынында биз Конституция боюнча парламентке көз карандысыз болуп, кайсыл бир саясий топтордун басымдарына карабастан өтө маанилүү чечимдерди кабыл алууга бардык мүмкүнчүлүктөр менен механизмдерге ээ болгудай ыйгарым укуктарды, бийликти бердик», ― деп жазылган форумдун катышуучуларынын кайрылуусунда.
Андан сырткары чогулгандар парламенттин келерки чакырылышына жолдонгон кайрылуусунда мыйзам чыгаруу жана сот системасынын көз карандысыздыгын бекемдеп, жергиликтүү бийлик органдарынын ролун жогорулатуу, ошондой эле өкмөт менен жоопкерчиликти бөлүшүү каалоолорун билдиришти.
Атамбаевге кайрылуу
«Өлкөнүн башкы мыйзамына кол салбаган алгачкы президент болуңуз. Конституция туруктуу болушу керек», ― деп жазылган президент Алмазбек Атамбаевдин атына жолдонгон кайрылууда.
Форумдун катышуучулары Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү «коркунучтуу натыйжаларга алып барышы мүмкүн» деп эсептешет. Айтымдарында, анткени алгачкы эки президент, Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев өлкөнүн башкы мыйзамын өзгөртүү жолу менен «бийликти узурпациялашкан».
«Сиз ал узурпациянын революцияларга алып баргандыгын билесиз», ― деп кошумчалашкан «Жарандар форумунун» катышуучулары.
Атамбаевге карата жазылган кайрылууну окуп берген Борбордук Азиянын Эл аралык университетинин ректору Камилла Шаршекееванын пикири боюнча, Конституцияга өзгөртүүлөрдү «парламентте 25 жылдан бери отурган жана анда отуруусун улантууну каалаган адамдардын» киргизгилери келүүдө. Ал муну «чыныгы коррупция» деп атады.
«Мага баары бир эмес» форумунун жыйынтыктоочу кайрылуусуна ылайык, президент жарандардын «Конституциянын өзгөрбөшү» үчүн 2010-жылдын июнунда берген добуштарын коргоону «камсыз кылышы керек».
Андан сырткары алар президент өлкөдөгү башкы кызматка шайланууда толугу менен алты жылдык мөөнөт үчүн даярдалган программасы менен тааныштырышы керек деп эсептешет.
«Сырткы саясат, маалыматтык чөйрөдөгү жана ички социалдык-саясий процесстердеги жагдай Кыргызстандын жарандарында түшүнбөстүктөр менен тынчсызданууларды пайда кылууда. Биз кайсыл убакта болбосун дайыма аныксыздыктын алдындабыз, анткени бардыгы тең эч кандай плансыз эле келип чыгууда: туруп эле Бажы биримдиги; анан Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү», ― деп жазылган Атамбаевге жолдонгон кайрылууда.
Алар ошондой эле өлкө башчысын билим берүү жана илим тармагын реформалоого жигердүүрөөк катышууга чакырышты.
«Мектептеги билим берүү, негизи эле жалпы билим берүү төмөндөп жатат деп айтаар элем. Биз аны жыл сайын, күн сайын көрүп жатабыз. Мен Токмоктогу аймактык жогорку окуу жайында иштейм. Биз негизинен аймактардан келген студенттер менен иштейбиз, алардын билим дэңгээлдери өтө начар», ― деп билдирди Борбордук Азиянын Эл аралык университетинин ректору Камилла Шаршекеева.
Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү
Ал ортодо Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоору парламенттин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин мүчөлөрү тарабынан жактырылган. Өзгөртүүлөрдүн авторлору болуп Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалициялардын лидерлери ― Феликс Кулов («Ар-Намыс»), Өмүрбек Текебаев («Ата Мекен») жана Чыныбай Турсунбеков (КСДП) эсептелишет.
Тема боюнча: Парламент Конституцияга кандай өзгөртүүлөрдү сунуштоодо?
Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоору парламенттин кароосуна 2015-жылдын май айынын аягында чыгарылган. Өзгөртүүлөрдүн өзү бир жыл талкууланган ― анда сот бийлиги, ошондой эле ыйгарым укуктарды аткаруу бийлиги менен президенттин ортосунда бөлүштүрүү маселелери талаш жараткан.
Өлкө башчысынын аппарат башчысы Данияр Нарымбаевдин айтымында, президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн баш мыйзамын өзгөртүүгө каршы эмес. Бирок буга чейин өлкө башчысы Конституцияны өзгөртүү ниети жок экенин белгилеген болчу.
«АКИпресс» маалымат агенттигинин билдирүүсү боюнча, Кулов Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумду болжол менен 2015-жылдын ноябрында болушу керек болгон парламенттик шайлоо күнү өткөрүү сунушталып жатканын билдирген.
Сүрөт: Сабыр Абдымомунов, «Азаттык» радиосу.