АКШнын Жогорку соту бардык 50 штатта жана Колумбия федералдык аймагында бир жыныстуулардын баш кошуусун легалдаштырды. Ошентип, бир жыныстуулардын никесине салынган тыюу өлкөнүн бардык аймактарында алынды.

26-июнда АКШнын Жогорку соту өлкөнүн бардык 50 штатында тең бир жыныстуулардын баш кошуусуна уруксат берилишин колдоп добуш берди. Буга чейин ал 36 штатында уруксат берилип, калган 14үндө бир жыныстуулардын никесине тыюу салынган болчу.

Судья Энтони Кеннеди корутундусунда бир жыныстуулардын баш кошуусун мыйзамдаштыруу үчүн күрөш жүргүзгөндөр «мыйзамдын алкагында тең укуктуулукту сурашкан. Конституция аларга ал укукту берет» деп жазган.

«Эгер [гомосексуалдуу] ал аялдар менен эркектер баш кошуу идеясын сыйлабайт деп айтсак, анда бул алардын туура эмес түшүнүгү болуп калмак. Алардын өтүнүчү алардын дал ошол идеяны сыйлагандыгында, болгондо да аны өзүлөрүнүн катышуусунда ишке ашырууга аракет кылганга чейинки деңгээлде терең сыйлашкандыгында. Алар жалгыздыкта жашап өтүүгө дуушар болбошу керек, алардын каалоосу биздин цивилизациядагы [нике] институттан чыгарылбашы керек», — деп жазылган АКШнын Жогорку сотунун корутундусунда.

Бир жыныстуу баш кошууларды легалдаштыруу үчүн күрөш Массачусетс штатында алгачкылардан болуп уруксат берилген 2004-жылдан бери жүрүп келген.

Би-би-синин америкалык бөлүмүнүн билдирүүсү боюнча, АКШнын Жогорку сотунун чечиминен кийин Джорджия, Мичиган, Огайо жана Техас штаттарында гомосексуалдык жуптар алтарга чуркап барышкан. Анткен менен Миссисипи жана Лузиана сыяктуу бир канча штаттын расмий өкүлөрү гейлердин баш кошуусун легалдаштыруу боюнча бардык жол-жоболор аяктаганга чейин күтө тура тургандыктарын билдиришти.

АКШнын президенти Барак Обама дагы чечимди жактырды. Ал «Бул чечим — Американын жеңиши» деп билдирди. Анын администрациясы 2012-жылдан бери мындай баш кошуулардын чечилишинин тарапташы болуп келген.

Бир жыныстуулардын баш кошуусунун мыйзамдаштырылышына карата консервативдик республикачылар терс реакцияларын билдиришти — президенттикке талапкер, Арканзас штатынын мурунку губернатору Майк Хаккаби АКШнын Жогорку сотунун чечимин «соттун антиконституциялык катаалдыгы» деп атады.

«Бул так ойлонулбаган, антиконституциялык чечим дин эркиндигине — Биринчи өзгөртүүнүн жүрөгүнө (ал башкалар менен катар сөз эркиндиги менен дин эркиндигин кепилдейт — редакциянын түшүндүрмөсү) коркунуч туудурат. Конгресс реакция жасашы керек», – деп билдирди ал.

Президенттикке талапкерлигин коюп жаткан дагы бир республикачы Джеб Буш пикирин бир аз этияттык менен билдирди, бирок жалпысынан ал дагы Хаккабинин идеясын колдоду — ал дагы бир жыныстуулардын никеге турууларына уруксат берилиши дин эркиндиги менен каада-салттарга каршы келет деп айтты.

«Мен салттуу никелерге ишенем. Жогорку сот мындай чечимди кабыл алууга штаттардын өзүлөрүнө уруксат бериши керек болчу деп эсептейм.  Ошондой эле биз өзүбүздүн жакындарыбыздай эле башкаларды, анын ичинде өмүр бою милдеттеме алгандарды дагы сыйлашыбыз керек деп эсептейм», – деп билдирди ал.

Жактоочулар тобунун гейлердин баш кошуусуна каршы болгон юристи Келли Фидорек АКШнын Жогорку сотунун чечими «миңдеген америкалыктардын добуштарын көңүлгө алган жок» деп билдирди — анын бул айткандарын Би-би-синин америкалык бөлүмү келтирди.

АКШ коомчулугу бир жыныстуулардын баш кошуусуна уруксат берилгендиги тууралуу жаңылыкка карата өтө дүркүрөгөн реакциясын жаратты — #LoveWins (сүйүү жеңет — редакциянын түшүндүрмөсү) хэштеги 11 саат бою Twitter кичи блогдук платформасындагы популярдуу хэштегдердин алдынкылары болуп турду.

Бир жыныстуулардын баш кошуусун мыйзамдаштыруу чечимин колдой тургандыктарын ири басылмалар дагы көрсөтүштү — мисалы, Engadget, The Verge жана BuzzFeed өз логотиптерин түстүү кубулмаларга алмаштырышкан. Андай түстөр ЛГБТ-коомчулугунун белгисиз туюнтат.