Президент Алмазбек Атамбаев Конституцияга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү талкуулоонун мөөнөтү жетишсиз деп эсептеп, парламенттен аны чакырып алуусун өтүндү. Ал мыйзам долбоорунун авторлоруна жарандык коомчулуктун сынынан кийин кайрылды.

27-июнда президент Алмазбек Атамбаевдин басма сөз кызматы өлкө башчысы Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөрдүн авторлорунан өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн «максаттуулугу маселесине кайтуусун» өтүнгөндүгү тууралуу билдирүү таратты.

Пресс-релизде президент өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун чакырып алуу өтүнүчү менен документтин авторлоруна ― парламенттик көпчүлүктүн курамындагы фракциялардын лидерлери Чыныбай Турсунбековго, Феликс Куловго жана Өмүрбек Текебаевге кат жолдогондугу жазылган. Атамбаев аларга 2015-жылдын күзүнө белгиленген парламенттик шайлоонун алдында Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн «максаттуулугу» тууралуу ойлонуп көрүү кеңешин берген.

«...мыйзам долбоорундагы айрым сунуштар коомдо курч талаш-тартыш жаратты. Мыйзам долбоорун алдын ала талкуулоо үчүн бөлүнгөн убакыт жетишсиз экендиги да анык болуп калды», ― деп жазылган өлкө башчысынын билдирүүсүндө.

Атамбаев парламентке аталган демилгени шайлоодон кийин, Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышындагы депутаттар менен кароосун сунуштады.

«Чогуу иштешкен акыркы беш жылда биз нечен жолу өлкө алдында турган проблемаларды чечүү боюнча кыйын, бирок, туура чечимдерди таап келгенбиз. Алдыда боло турган парламенттик шайлоолордун жүрүшүндө шайлоочулар менен бирге кырдаалды дагы терең талдап, азыр сунушталып жаткан оңдоолордун туура экендигине ынансак, бул демилгелерге Кыргыз Республикасынын жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңешинде кайрылууга мүмкүндүк болоруна ишенем», ― деп жазылган президенттин катында.

Аны менен катар өлкө башчысы сунушталган өзгөртүүлөрдүн «көпчүлүгү» эксперттик коомчулук менен шайлоочулардын «олуттуу колдоосун тапкандыгын» белгилеген.

«CA-News» маалымат агенттиги Феликс Куловго шилтеме жасап билдиргендей, парламенттик көпчүлүктүн курамындагы фракциялардын лидерлери Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөрдү чакырып алуу чечимине келишкен.

«Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин пикирин эске алуу менен жана бул маселеде өлкө башчысы менен бийликтин бардык бутактарында тил табышуунун болушуна умтулуу менен биз Кыргызстандын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун чакырып алуу чечимине келдик», — деп жазган басылма Куловдун айткандарын.

Депутаттар президенттин кеңешин макул табышып, Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жаңы чакырылышта карап баштоо чечимине келишкен.

Депутат Дастан Бекешев «Твиттер» кичиблогдук сервисиндеги профили аркылуу президенттин пикири менен макул эмес экенин жана Конституция өзгөртүүлөргө муктаж экендигин билдирди.

«Бийликти узурпациялоо»

Атамбаевдин каты 23-24-июнь күндөрү жарандардын «Мага баары бир эмес» форумун уюштурушкан жарандык коомчулук өкүлдөрүнүн сынынын фонунда таратылды ― иш-чаранын катышуучулары өлкө башчысын Конституцияны өзгөртүүдөн сак болууга чакырышып, ал «коркунучтуу натыйжаларга алып барышы мүмкүндүгүн» билдиришкен.

«Өлкөнүн башкы мыйзамына кол салбаган алгачкы президент болуңуз. Конституция туруктуу болушу керек», ― деп жазылган президент Алмазбек Атамбаевдин атына жолдонгон кайрылууда.

Форумдун катышуучулары алгачкы эки президент, Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев өлкөнүн баш мыйзамын өзгөртүү жолу менен «бийликти узурпациялашкандыгын», өз кезегинде ал «революцияларга алып баргандыгын» белгилешкен.

«Мага баары бир эмес» форумунун жыйынтыктоочу кайрылуусуна ылайык, президент жарандардын «Конституциянын өзгөрбөшү» үчүн 2010-жылдын июнунда берген добуштарын коргоону «камсыз кылышы керек».

Ошондой эле Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөрдүн долбоору Европа кеңешинин Венециандык комиссиясы менен ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча кеңсесинин сынына кабылган. Алар сунушталган өзгөртүүлөрдүн көбүн «негизги демократиялык принциптерге карата бушаймандыктарды жаратуу» деп аташкан.

Эл аралык институттардын өкүлдөрү биргелешкен билдирүүсүндө өзгөртүүлөрдүн авторлоруна беш сунуш айтышкан:

  • депутаттын иммунитети сакталышы керек, же өзгөртүүлөрдүн авторлору иммунитет маселеси Конституциялык палатада чечилгендей системаны сунуштоолору керек;
  • саясий партиялар алардын атынан шайланган депутаттардын мандатын чакырып алуу ыйгарым укуктарына ээ болбошу керек;
  • Конституциялык палата сот системасынын органы бойдон калышы керек;
  • судьялардын ички көз карандысыздыгы сакталып калышы керек;
  • бардык деңгээлдеги судьялардын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү тууралуу Конституциянын жобосу өзгөрүүсүз калышы керек.

Өзгөртүүлөр

Ал ортодо Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоору парламенттин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин мүчөлөрү тарабынан жактырылган. Өзгөртүүлөрдүн авторлору болуп Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалициялардын лидерлери ― Феликс Кулов («Ар-Намыс»), Өмүрбек Текебаев («Ата Мекен») жана Чыныбай Турсунбеков (КСДП) эсептелишет.

Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоору парламенттин кароосуна 2015-жылдын май айынын аягында чыгарылган. Өзгөртүүлөрдүн өзү бир жыл талкууланган ― анда сот бийлиги, ошондой эле ыйгарым укуктарды аткаруу бийлиги менен президенттин ортосунда бөлүштүрүү маселелери талаш жараткан.

Тема боюнча: Парламент Конституцияга кандай өзгөртүүлөрдү сунуштоодо?

«АКИпресс» маалымат агенттигинин билдирүүсү боюнча, Кулов Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумду болжол менен 2015-жылдын ноябрында болушу керек болгон парламенттик шайлоо күнү өткөрүү сунушталып жатканын билдирген.