«Тоноого жол жок!» деп аталган демилгечи топтун мүчөлөрү чогулгандарды Баграмян проспектисинен кетип, нааразылык акциясын Эркиндик аянтында улантууга чакырды.

Макаланын түп нускасы «Азаттык» радиосунун сайтына чыккан.

Топтун активисти Вагинак Шушанян билдирүү жасап, проспекттен кетүү бул акцияны токтотуу дегенди билдирбестигин, болгону Багрянан проспектисинде полиция менен кагылышуулар жана кан төгүүлөр болуп кетишин каалабастыгын эскертти.

Ошентсе да чогулгандардын көбү проспекттен кетүүдөн баш тартып, "Баграмян, Баграмян!" деп кыйкырып жатышат.

Армениянын полиция башчысы Владимир Гаспарян чогулгандарга пропектти бошотууга жарым саат убакыт берип, “Биз мыйзам алкагында Баграмянды тазалайбыз, керек болсо эң катуу чараларды колдонбуз”-деп билдирди.

Учурда Еревандын Баграмян проспектисинде, Франция аянтында жана Московян Баграмян көчөлөрүнүн кесилишинде полициянын жоон тобу турат.

19-июнда башталган митингди бийликтер күч менен таратмакчы болуп, 23-июнда полиция чогулган элге суу аткан. Бул тополоң учурунда полиция 200гө жакын кишини кармап кеткени да кабарланган. Бирок ошол эле күнү кечинде нааразылык акциясы кайра жанданып, ошондон бери күн-түн дебей уланууда. Аянтка күн сайын жок эле дегенде 5-6 миңге чейин адам чогулуп жатат. Алардын негизги талабы - электр энергиясына тарифти төмөндөтүү.

Арменияда 1-августтан тарта электр энергиясынын баасын 16 пайызга көтөрүү чечими кабыл алынган. Өлкөнүн электр тармактарына болсо Орусиянын "Интер РАО ЕЭС" компаниясы ээлик кылат.