Темир Сариев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын кызматкерлери катышкан окуяны «тыкыр иликтеп чыгуу» тапшырмасын берди, деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы. Ал күч органдарынын кызматкерлеринин ортосундагы мындай кырдаалдын жаралышы жаман көрүнүш экенин белгиледи.

Министрлер кабинетинин башчысы Темир Сариев мекемелердин кызматкерлери ортосунда 22-июнда болгон окуя үчүн Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти сынга алды.

22-июнда УКМКнын кызматкерлери Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын эки тергөөчүсүн 300 миң сом өлчөмүндөгү пара алып жаткан жеринен кармашкан. Атайын кызматтагылардын маалыматы боюнча, ал жакка финполдун 20 кызматкери барып, кесиптештерин кармоого тоскоолдук кылууга аракет көрүшкөн.

Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматы УКМКнын айыптоосун четке кагып, мекеменин кызматкерлери тергөөчүлөрүн кармоого тоскоолдук кылбагандыктарын билдирген.

Премьер-министр күч органдарынын ортосундагы жаңжал фактысын териштирүү тапшырмасын берип, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын төрагасы Бактыбек Ашыровго сөгүш жарыялады.

«Премьер-министр Темир Сариев 27-июнда өткөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында күч органдарынын кызматкерлеринин ортосундагы мындай кырдаалдын жаралышы жаман көрүнүш экенин белгиледи», — деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

Күч органдарынын кызматкерлеринин ортосундагы окуяны териштирүү менен коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев жана УКМКнын башчысы Бусурманкул Табалдиев алектенет.

Министрлер кабинетинин башчысы иликтөө жыйынтыгы менен күнөөлүүлөр «жоопкерчиликке тартылышы зарыл» экенинин эскертти.

Күч органдарынын ортосундагы жаңжал

22-июнда орун алган окуя Кыргызстандагы күч түзүмдөрүнүн ортосундагы жалгыз жаңжал эмес. Ал окуядан үч күн өткөн соң УКМКнын кызматкерлери Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын дагы эки кызматкерин кармашкан. Атайын кызматтагылар аларды кыргызстандыктар «И.Ж» менен «Д.Рди» «тоноого» жана «сабоого» айыпташкан — УКМКнын маалыматы боюнча, финполдун кызматкерлери жабырлануучуларга таандык болгон 7 миң АКШ далларынан ашык акчаны өдөрүнө «мыйзамсыз алып алышкан».

«Азаттык» радиосу Коргоо кеңешинин экс-катчысы, генерал-майор Марат Иманкуловго шилтеме жасоо менен күч түзүмдөрүнүн ортосундагы тирешүүнүн себеби алардын коррупцияга каршы күрөшүүдө бирин-бири кайталагандыгында экендигин жазган.

«Финполиция кызматкерлери «куру патриоттор» экенин көрсөттү. Алар мындай кылыгы менен өздөрүндө коррупциялык система бар экенин далилдеп жатат. Ушундан улам укук коргоо органдарынын системасы талкаланып бүттү деп айтсак болот», — деп жазган «Азаттык» Иманкуловдун айткандарын.

Ушул жылдын жазында башкы прокурордун ал кездеги орун басары Темирбек Бекмаматов Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Руслан Умаров менен араздашкан: анда Умаров Бекмаматовду аткезчилерди «калкалоого» айыптаган.