Экстремалдык вейкбординг суу спорту боюнча мелдештер 28-июнда Бишкектеги Сүйүү багында өттү. Иш-чарага 15 спортчу катышты, алардын ичинде Орусиянын үч жолку чемпиону Алмаз Смайлкулов дагы болду.

11694748_413576562179836_1609481721520353794_n

Вейкбординг — өз ичине суу лыжасы, сноуборд, скейт жана сёрфингдин айкалышын камтыган спорттун экстремалдык түрү.

Иш-чара 28-июнда Бишкектин Сүйүү багындагы көлдө өттү — ошол эле жерде On the wake вейкборд-паркы жайгашкан.

40528_900-1

Мелдештерге 15 спортчу катышты, алардын ичинде Орусиянын үч жолку чемпиону Алмаз Смайлкулов менен спорттун бул түрү боюнча Кыргызстандагы алгачкы спортчу эсептелген Арслан Нуритдинходжаев дагы болушту.

11202103_413576608846498_5234494548921922740_n

Уюштуруучулардын айтымдарында, иш-чара спортчулардын арасындагы чемпионат болгон жок, а вейкбордингдин популярдуулугун арттыруу жана спорттун ал түрүн Кыргызстанда колдоого алуу үчүн акча топтоо максатында өткөрүлгөн.

11138126_413577898846369_5377920054435057084_n

Каалоочулар жагып калган спортчуларын акча берүү менен колдой алышты.

11659381_413576615513164_3881197644998824501_n

Катышуучулар көлгө орнотулган трамплиндерден секирүү менен сууда түрдүү өнөрлөрүн көрсөтүштү. А Смайлкулов менен Нуритдинходжаев оор секириктерди жасагандан кийин чогулгандар дүркүрөгөн кол чабуулары ыраазычылыктарын билдиришти.

Смайлкулов вейкбординг менен эркин күштө моюнун оорутуп алгандан кийин 7 жыл мурун алектенип баштаган. Ал спортту таштабаш үчүн вейкбордчу болгон.

11665452_413578438846315_5265995275023056960_n

«Мен керектүү киши менен керектүү учурда таанышып калдым, анан ал мени үйрөтүп баштады, мага жагып калды. А андан кийин спорттук карьера башталды», — деди ал.

Буга чейин Смайлкулов мелдештерге Орусиянын атынан катышып келген, бирок Бишкекке кайтып келгенден кийин Нуритдинходжаев менен бирге Кыргызстанда вейкбордингди өнүктүрүп баштаган.

11050679_413578498846309_4336894113369155923_n

Алар  вейкбордингге көрүүчүлөр менен келечектеги спортчуларды тартуу үчүн ушул сыяктуу иш-чараларды өткөрүшкөн.

«Албетте бул жакка келүүмдүн максаты — бул спортту өнүктүрүп, өзүм жетишкен тажрыйбаларды өсүп келе жаткан муунга берүү. Эң башкысы ушул», — деди ал.

11692696_413576982179794_6015202827388546480_n

Смайлкулов вейкбордингди экстремалдык спорт түрлөрүнүн ичинен эң коопсузу деп эсептейт. Кыргызстанда ал үч жыл мурун өнүгүп баштаган. Анын айтымында, спортчулардын деңгээли жыл өткөн сайын өсүп жатат.

«Машыктыруучу катары мен тарбиялануучулардын катарына жаңы, эмоциаоналдуу адамдарды кубануу менен кабыл алам», — деди ал.

11666222_413578288846330_6444197302456164730_n

Вейкборд-парк 2013-жылдан бери иштейт. Азыр парктын аймагында балдарды окутуп, спортчуларды машыктыра турган мектеп бар.

Сүрөт: Тём Колосов

«Фэйсбуктагы» On the Wake тобу

Авторлор: Жибек Кубаныч кызы жана Метин Джумагулов