28-июнда «Ала-Тоо» эс алуу борборунун жанындагы ээн жерде оттун тутанышына пиротехниканын пайдаланылышы себеп болгон. Ресторандан кое берилген фейерверктерден улам 2 гектардан ашык аяктты ээлеген кургак чөп күйүп баштаган.

ӨКМдин өрттүн алдын алуу башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурлан Ташмамбетов «Ала-Тоо» эс алуу жайында пиротехниканын пайдаланылышы ага жакын жайгашкан ээн жердеги кургак чөптүн күйүп баштоосуна себеп болгондугун билдирди.

«Бизде болжолдуу версиябыз бар. Өрт 28-июнь күнү саат 21:55те болгон. Ал жакка эки өрт өчүрүү унаасы жөнөтүлгөн — «Ала-Тоо» ресторанынын жанындагы эки гектар аянтты ээлеген кургап чөп күйүп жатыптыр. Өрт саат 23:43кө карата толугу менен өчүрүлдү», — деди ал.

Видеону жайгаштырган YouTube сервисинин колдонуучусу Виктория Рехемяенин айтымында, катуу шамал жарылбай калган фейерверктерди кургак чөп өскөн ээн жерге учуруп барып, ал жакта өрт чыккан.

«Алар өз аймагында тутанган өрттү тез эле өчүрүп коюшту, калгандарына көңүл да буруп коюшкан жок. Балкондон алгач фейерверктерди карап жатканбыз, кургак чөптүн күйүп баштагандыгын көрөрүбүз менен дароо 185 жана 101 номурларына чалдык», — деп жазган ал.

«Ала-Тоо» ресторанынан бул окуя боюнча эч кандай «маалыматка ээ эмес экендиктерин» билдиришти.

Кабарчы: Умайым Абдыраманова