«Жаңы муун» кыймылынын мүчөлөрү газга болгон тарифтердин жогорулашына каршы Жогорку Кеңештин имаратынын алдында митинг өткөрүштү. 24-июнда «Газпром Кыргызстан» компаниясы өкмөттөн көгүлтүр отунга болгон тарифтерди акырындык менен жогорулатуусун өтүнгөн.

Митингдин катышуучулары парламент имаратынын алдына 29-июнь күнү эртең менен чогулушту.

Активисттер газга болгон баалардын жогорулоо ыктымалдыгына нааразы. Бир нече күн мурун «Газпром Кыргызстан» улуттук оператору өкмөттөн көгүлтүр отунга болгон тарифтерди жогорулатууну өтүнгөн.

«Бир нече күн мурун газга болгон тарифтер ар ай сайын10 жыл бою жогорулап турары билдирилди. Биздин өлкөдө андай кылууга болбойт», — деп билдирди активист Мавлян Аскарбеков.

Ошондой эле акциянын катышуучулары өлкөнүн Суу кодексине өзгөртүүлөрдүн киргизилишине карата каршылыктарын билдиришти.

«Бүгүн Суу кодексине биздин мөңгүлөрдү жок кылууга жол бере турган өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору каралат. Акыркы 20 жыл аралыгында мөңгүлөрүбүздү ырайымсыздык менен жок кылып келишкен. Бүгүн мөңгүлөрдү жок кылууну мыйзамдаштыргылары келип жатат. Биз ушундай мыйзамдын кабыл алынышына каршы чыгып, мөңгүлөрүбүздү сактап калууга чакырып жатабыз», — деди Аскарбеков.

Jany_Muun_June29_2015-7-1024x640

Jany_Muun_June29_2015-1-1024x768

Сүрөт: Перизат Кубанычбекова