Ош базары менен «Берекет» жана «Кыял» соода борборлорунун соодагерлери базардын айланасын башаламан соода кылып жаткандардан тазалоо талабы менен өкмөт үйүнүн алдында нааразычылык акциясын өткөрүштү.

Митингдин катышуучуларынын бири Kloop.kgге берген маегинде соодагерлер буга чейин мэрия менен акимиатка кайрылгандыктарын, бирок ал жактардан колдоо таппагандыктарын билдирди.

«Биз таза шаар үчүнбүз. А таза шаар Киев көчөсүнөн башаламан базарды алууда турат. Алар биздин кардарларды гана тартып албастан, атаандаштык да жаратып жатышат. Мэрия, акимиат жардам берген жок. Мүмкүн бизди Темир Сариев колдойт», — деди ал.