Парламентке «порнографияны, зомбулук менен ырайымсыздыкка сыйынуу жана адепсиз сөздөрдү пропагандалоого тыюу салууга» багытталган интернеттеги маалыматтарды «укуктук жөнгө салуу» тууралуу мыйзам долбоору киргизилди. Документтин демилгечилери болуп буга чейин «чет элдик тыңчылар» жөнүндөгү мыйзам долбоорун сунуштаган «Ар-Намыс» фракциясынын депутаттары Турсунбай Бакир уулу менен Нуркамил Мадалиев эсептелишет.
«Маалыматташтыруу жөнүндөгү» мыйзамга «Толуктоолорду киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору парламенттин расмий веб-сайтына 2015-жылдын 3-июнунда жайгаштырылган. Мыйзам долбоорунун авторлору болуп «Ар-Намыс» фракциясынын депутаттары Турсунбай Бакир уулу менен Нуркамил Мадалиев эсептелишет.
Мыйзам долбооруна тиркелген негиздеме-маалымкатта документ интернеттеги веб-сайттарга жайгаштырылган маалыматтын «укуктук жөнгө салынуусун» көзөмөлдөйт деп жазылган.
«Мыйзамда «интернетеги сайттарды» көзөмөлдөөчү «ченемдин» жоктугу анда такталбаган маалыматтардын жайгаштырылышына алып келүүдө», — деп эсептешет депутаттар.
Мыйзам долбоорунун текстине ылайык, бир канча тыюу сунушталууда:
- «порнографияны, зомбулук менен ырайымсыздыкка сыйынуу жана адепсиз сөздөрдү пропагандалоого» тыюу;
- сайтты «такталбаган маалыматтарды такталган маалымат катары таратуу менен коомдук маанидеги маалыматтарды жасалмалоо» үчүн пайдаланууга;
- сайтта же интернеттеги баракчасында мамлекеттик жана коммерциялык сыр болгон маалыматтарды жарыялоого тыюу;
- «терроризм менен экстремизм чакырыктарына» тыюу;
- жарылуучу заттарды, курал-жарактарды жасоо тууралуу маалыматтарды таратууга тыюу;
Авторлор жогорудагы тыюуларды бузуу менен «жалпыга жеткиликтүү маалыматы таратуу укугун ашыкча пайдалангандарды» жазалоону сунуштап жатышат.
Сайтка же сайттын «интернеттеги» баракчасына жалпыга жеткиликтүү маалыматты жайгаштырган маалыматтык ресурстун ээси өзүнүн атын же каймана атын көрсөтүү менен «маалыматты эркин издөө, алуу жана таратуу» укугуна ээ.
Жарнаманы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык «бекер таратуу».
Бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн мыйзам долбоорунун авторлорунун өзүлөрү жеткиликсиз болуп жатышат. Депутат Бакир уулунун өкүлү Kloop.kgге берген маегинде мыйзам долбоору жайгаштырылган маалымат үчүн сайттардын ээлеринин «укуктары менен милдеттери жазылбагандыктан» демилгеленип жаткандыгын айтты.
«Маалымат агенттиктери өз каалоолору менен каттоодон өтүшкөн. Алар ЖМКларга кирбейт, ошол эле учурда алар ЖМКлар тууралуу мыйзамга ылайык жоопкерчиликти алышпайт», — деди ал.
Мыйзам долбооруна ылайык, сайттын ээлери кайсыл бир материалды жарыялоо алдында маалыматты текшерүүлөрү керек болот, же болбосо «кылмыш же административдик кодекстерге ылайык жоопкерчиликке тартылышат».
«Бул натыйжалуу болот деген үмүттөбүз, анткени азыркы учурда бул сайттардын ээлерин мыйзамга ылайык иштөөгө чакырган алгачкы мыйзам долбоору», — деп ишендирди Бакир уулунун аппараттынын өкүлү.
Учурда иштеп жаткан мыйзамдарга ылайык, интернет жалпыга маалымдоо каражаты болуп эсептелбейт.
«Интернетти көзөмөлдөөнүн кажети жок»
Медиа-эксперт Марат Токоев Kloop.kgге берген маегинде инернетти көзөмөлдөө — бул «бүткүл дүйнөдө» бар «өтө оор көйгөй» экенин билдирди.
«Ошондуктан биз аны [интернетти көзөмөлдөөнү] баштасак, анда бир аз туура эмес болот — биздин өлкө анчалык жетиштүү деңгээлде интернет жайылган өлкө эмес. […] Андан көрөк биз буга башка өлкөлөрдөн үйрөнүп, алардын кандай жасап жаткандыктарын, процесстин кандай жүрүп жатканын байкаштырсак жакшы болот», — дейт Токоев.
Анын пикиринде, интернет ансыз деле бир канча мыйзам менен көзөмөлдөнүүдө, бирок анда «эки көйгөй» бар: «кээ бир публикациялардын» авторлорунун анонимдүүлүгү жана кыргыз мыйзамдары иштебеген чет өлкөлүк веб-сайттардагы жарыялоолор.
«Калган жагынан биздин онлайн-мейкиндигибиз бир катар офлайн-мыйзамдар менен көзөмөлдөнөт жана жаңы бир нерсе ойлоп табуу — туура эмес», — деп эсептейт эксперт.
«Интернет саясаттын жарандык демилгелеринин» эксперти Артем Горянов интернетти көзөмөлдөө аракеттери «көп жолу» көрүлгөнүн, бирок өзүнчө бир мыйзам менен көзөмөлдөө аракеттеринин бардыгы тең «эч нерсеге алып барбай тургандыгын» жана аларды кабыл алуунун «кажети жок» экенин айтты.
«Интернетти өзүнчө мыйзам менен көзөмөлдөө зыян алып келет, мыйзамда чаташкандыктарды жаратып, аны жеке же саясий максаттарда пайдаланууга шарттарды түзөт», — деп эсептейт Горянов.
Анын айтымында, алар тыюу салгылары келген «нерселерди» аныктоо «өтө кыйын».
«Албетте мыйзамдагы так аныктамаларсыз ал ар түрдүү максаттарда пайдаланылышы мүмкүн — саясий максаттар, басым жасоо үчүн», — деп билдирди Горянов.
Ал мисал катары «эл алдында терроризм менен экстремизмге чакырууга» тыюу салган «Экстремизмге каршы күрөшүү жөнүндөгү» мыйзамды келтирди. Горяновдун пикиринде, киргизилип жаткан өзгөртүүлөр «зыяндуу» жана чаташкандыктарды жаратат».
«Бул ылай сууда балык кармоо», — дейт эксперт.
Интернетти көзөмөлдөө
Мадалиев менен Бакир уулунун сунушу интернетти көзөмөлдөө боюнча алгачкы аракет эмес. 2007-жылы депутаттар Алишер Мамасалиев менен Алишер Сабиров «Интернет жөнүндөгү» мыйзам долбоорун демилгелешкен. Ага ылайык, «улуттар аралык кастыкты козуткан» маалыматтардын таркатуучуларын жоопкерчиликке тартуу сунушталган.
Мыйзам долбоору интернет-коомчулугунун көптөгөн сын-пикирлерин жаратып, мыйзам долбоору авторлор тарабынан кайра чакырылып алынган. Анда алар мындай чечимин бул боюнча өзүнчө бир мыйзамдын ордуна учурдагы нормативдик-укуктук актыларга өзгөртүүлөр киргизиле тургандыгы менен түшүндүрүшкөн.
Автор: Бактыгуль Ракымбаева