Кыргызстандын футбол боюнча чемпионатынын Топ-лигасындагы экинчи турдун акыркы оюнунда Канттын «Абдыш-Ата» командасы менен борбордук «Алганын» беттеши тең чыгуу менен аяктады. Оюн 2:2 эсеби менен жыйынтыкталды.

Беттештин толук видеосу («Абдыш-Ата» жашыл, «Алга» ак түстөгү формада):

Беттеш эсебин «Алганын» коргоочусу Темирлан Козубаев ачты. Ал бурчтан чыгарылган топту атаандаш дарбазасына таамай туштай алды.

Жети мүнөттөн соң «Абдыш-Атанын» чабуулчусу Иван Филатов эсепти теңеди — ал өнөктөшүнүн сол тараптан чыгарып берген тобун башы менен сүзүп киргизди.

Оюндун биринчи жарым бөлүгү аяктап калганда «Алганын» жарым коргоочусу Мирбек Акматалиев «Абдыш-Атанын» айып аянтчасындагы түшүнбөстүктөрдөн пайдаланып, сол капталдан чыгарылган топту катуу соккусу менен дарбазанын бурчуна таамай тепти.

«Абдыш-Атанын» оюнчулары экинчи жарым бөлүк башталары менен демилгени колго алып, жарым сааттан кийин оюн эсебин теңөөгө жетишишти. Давлетжон Баратов «Алганын» айып аянтчасында коргоочусун алдап өтүп, топту Руслан Амировдун дарбазасына узатты — 2:2.

Командалар турнирдик таблицадагы орундарын сактап калышты — «Абдыш-Ата» 13 упайы менен үчүнчү орунда, а «Алга» 8 упайы менен төртүнчү орунда калды.

Сүрөт: «Спорт. Акипресс»