Кыргызстандын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы «Азаттык» радиосунун берүүлөрүн көрсөтүү боюнча келишимдерди бир тараптуу токтотту. Корпорациянын башкы директору Илим Карыпбеков кызматташуунун токтотулгандыгы тууралуу «Азаттыктын» экс-президент Аскар Акаевдин катышуусундагы берүүсүнө бир нече саат калганда билдирген.

Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаевдин маеги КТРКнын эфиринен 29-июнда көрсөтүлүшү керек болчу. Бирок «Азаттык Медиа» холдинги тарабынан даярдалган «Ыңгайсыз суроолор» берүүсүн көрсөтпөө боюнча КТРКнын чечими тууралуу эфирге аз калганда белгилүү болгон.

КТРКнын башкы редактору Илим Карыпбеков эфирге бир нече саат калганда «Фэйсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасына «Азаттык» радиосунун кыргыз бюросу менен КТРКнын ортосундагы келишим токтотулгандыгын жазган.

Карыпбеков телеканалдын мындай чечимин КТРКнын Байкоочу кеңеши прайм-тайм маалында «өз продукцияларын» көрсөтүү чечимине келгендиги менен түшүндүрдү.

«Аталган чечимди ишке ашыруу Радио жана телеберүүлөрдү башкаруу кеңеши менен «Азаттыктан» түшкөн акча каражаттарынын ордун толтуруунун белгисиз болуп жаткандыгына байланыштуу биз тараптан азыркы кезге чейин создуктурулуп келген», — деп жазган Карыпбеков.

«Азаттыктын» редакциясы кызматташуунун токтотулушунун себеби катары экс-президент Акаев тараптан Алмазбек Атамбаевдин дарегине айткан сын-пикирлерди көрүүдө.

«Аскар Акаев өз маегинде Алмазбек Атамбаев 2005-жылы премьер-министр болуп турганда Кумтөр карьерин мөңгүлөрдү пайдалануу менен иштетүүгө урусат берген. Ал дал азыркы учурда өтө курч турган экологиялык маселе», — деп келтирген vb.kg сайты «Азаттыктагы» билдирүүнүн үзүндүсүн.

Келишимдин бир тараптуу токтотулушу КТРКны «Азаттыктын» берүүлөрүн каналдан көрсөтүү үчүн жыл сайын төлөнүүчү 300 миң долларсыз калтырат.

Анда КТРКнын жетекчилиги канал андай каржылоо булактарына көз каранды болбошу керектигин билдирген.