Конституциялык палатанын судьясы Клара Сооронкулованын туугандары менен тарапташтары аны колдоп акция өткөрүштү. Күн мурун парламент Сооронкулованын кызматтан кетиши үчүн добуш берүүдө эки жолу тиешелүү сандагы добуштарды топтой алган эмес. Эми ал маселе боюнча депутаттар 30-июнда кайра добуш беришет.

Сооронкулованы кызматынан кетирүү маселеси ал милдеттүү түрдө биометрикалык каттоодон өтүү тууралуу мыйзамды «антиконституциялык» деп атагандан кийин көтөрүлгөн. Анын мындай пикири сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча парламенттик комитеттин мүчөлөрүн кыжырдантып, алар Сооронкулованын судьялыктан кетишин талап кылышкан.

Буга чейин анын кызматтан кетишин колдой тургандыктары жөнүндө президент Алмазбек Атамбаев менен Жогорку соттун алдындагы Соттор кеңеши билдиришкен.

Эки жолку добуш берүүдөн кийин парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков Сооронкулованы кызматтан кетирүү маселеси 30-июнда карала тургандыгын жарыялаган.

«КирТАГ» маалымат агенттигинин билдирүүсү боюнча, маселе күн тартибине Сооронкулованын өзүн чакырбастан эле «шашылыш түрдө» добушка койгон КСДП фракциясынын басымы менен киргизилген.

«Парламентте бардык тиешелүү документтер бар: Сотторду тандоо кеңешинин чечими, президенттин сунуштамасы, сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча профилдик комитеттин чечими. Ошондуктан аны укпай эле коюуга болот», — деп жазган «КирТАГ» агенттиги КСДП фракциясынан депутат Галина Скрипкинанын айткандарын.

Ошондой эле Сооронкулованын чакырылыша парламент төрагасы менен КСДП фракциясынан төраганын орун басары Төрөбай Зулпукаров каршы болгон.

«КирТАГ» судьянын кызматтан алынышына «Ата Мекен» фракциясынын депутаттарынын бардыгы каршы болгондуктарын кошумчалады.

vb.kg жаңылыктар сайты билдиргендей, андан кийин төрага Асылбек Жээнбеков менен оппозициялык депутат Равшан Жээнбеков айтышып кеткен.

«Урматтуу журналисттер, маселе эки жолу тең өткөн жок. Силер баарын өзүңөр көрүп турасыңар. Клара Сооронкулова — Конституциялык палатанын учурдагы судьясы», ― деп жазган vb.kg сайты оппозиционердин айткандарын.

«Вечёрка» кошумчалагандай, жооп катары төрага оппозициялык депутаттын тынчтануусун талап кылган.

«[…] алар өз ара одоно сөздөр менен алмашышты. Төрага Жээнбековду жинди деп атады. Өз кезегинде Жээнбеков төраганы митаам деди», ― деп жазды vb.kg.

«Мыйзамдын бардык ченемдери тепселди»

Клара Сооронкулова милдеттүү түрдө биометрикалык маалыматтарды каттоо тууралуу мыйзамга каршы чыккан укук коргоочулардын доо арызы каралып жаткан Конституциялык палатанын жыйынында ал документке каршы пикирин билдирген.

Сооронкулова доо арыз боюнча негизги баяндамачы катары сүйлөп, мыйзам «Конституцияга каршы келе тургандыгын» айткан. Өз кезегинде ал билдирүү сот-укуктук маселелер боюнча парламенттик комитеттин мүчөлөрүнүн нааразычылыгын жаратып, депутаттар анын судьялык кызматтан четтетилишин талап кылышкан.

Соттор кеңеши судьяны кызматтан кетирүү тууралуу чечимди 18-июнда кабыл алган. Сооронкулова ал чечимди «мыйзамдын бардык ченемдери тепселип аткарылган» «буйрук» деп атаган.

Анын айтымында, Конституциялык палатанын судьясын кызматтан кетирүү чечими «эки аптада» эмес, а эки ай ичинде кабыл алынат. Сооронкулова анда аны кызматтан алуу боюнча чечим депутаттардын ага «жазасын берип, тынч эс алуусу үчүн» «тез» кабыл алынып жаткандыгын болжолдогон. 30-июндагы жыйын парламенттин бул сессиядагы акыркы жыйыны болот.

Анда биометрикалык маалыматтарды топтоого каршы болуп келген доочулардын бири, «Прецедент» өнөктөштүк тобунун башчысы Нурбек Токтакунов президент менен депутаттар «өзүлөрү отурган бакты ынта менен кыйып жатышат» деп билдирген.

«Бардыгына даяр болуу керек. Качан өлкөдө талаш-тартыштарды чечип бере турган күч жок болгондо, а ал күчтөр соттор гана, адилеттүүлүккө болгон суроо-талап канааттандыраарлык эмес бойдон калат, адамдарда агрессия топтолот. Саясий лидерлер нааразычылык энергиясын билгичтик менен пайдаланышууда. Бийлик өзү отурган бакты ынта менен кыйып жатат», — деп билдирген укук коргоочу.

Жогорку Кеңеш биометрикалык каттоо тууралуу мыйзамды 2014-жылдын жайында кабыл алган — анда Кыргызстандын бардык жарандарын өз биометрикалык маалыматтарын тапшырууга милдеттендиришкен.

2015-жылдын апрелинде депутаттар шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөрдү жактырышкан. Ал өзгөртүүлөргө ылайык, кыргызстандыктар өз биометрикалык маалыматтарын тапшырбаса парламенттик жана президенттик шайлоолорго катыша алышпайт.