Ош базарында башаламан соода кылгандар «аларга соода кылууга мүмкүндүк берүү» талабы менен Ак үйдүн алдында митинг өткөрүштү. Акциянын жүрүшүндө катышуучулардын бири сумкасынан бачык алып чыгып, «өзүнө кол сала тургандыгын» айтып коркутту.

Митингке Ош базарында башаламан соода кылган 30га жакын соодагер чогулган. Алар парламент депутаттарынан «аларды жайына коюп», базарда соода кылууларына уруксат беришин талап кылышты.

Демонстрация ортолоп калганда митингдин катышуучуларынын бири сумкасынан бычак алып чыгып, өз эмчегин кесүүгө аракет кылды, бирок милиция кызматкерлери аны токтотуп калышты.

Башаламан соода кылгандар Ак үйдүн алдына Ош базары менен «Берекет» жана «Кыял» соода борборлорунун соодагерлери 29-июнда митингке чыккандан кийин чогулушту. Анда алар базардын айланасын башаламан соода кылгандардан тазалоону талап кылышкан болчу.

Ишкерлердин пикирлеринде, башаламан соода кылгандар алардын «кардарларын тартып алып», «олуттуу атаандаштык» жаратып жатышат.

Ленин районунун акимиатынан Ош базарын башаламан соода кылуудан бошотуу талаптары боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартышты.