Жогорку Кеңештин имаратынын алдында кечээ “Жаңы муун” кыймылы Суу кодексине өзгөртүү киргизүүгө каршы митингге чыгып, мөңгүлөрдүн талкаланбашын талап кылды. Ал ортодо парламенттеги КСДП фракциясы мыйзам долбооруна добуш бербеси тууралуу билдирүү таратты.
Алтын кенин казып алууда Кумтөр ишканасы акыркы 20 жылда мөңгүлөрдү талкалап, буга кыргыз өкмөтү көз жумуп келе жаткан, дейт “Жаңы муун” кыймылынын мүчөсү Мавлян Аскарбеков.
“Экологияга катастрофа алып келе турган саясат Кумтөр тарабынан да, биздин бийлик тарабынан да жүргүзүлүп уланып келген. Кылмыштуу ишин мыйзамдаштыруу аракети көрүлүп, өкмөт тарабынан Суу кодексин өзгөртүү талабы каралган. Мына биз ошол өзгөртүүгө каршы митинг уюштурдук. Митингден кийин Суу кодекси өзгөртүлбөй калды”, - деп билдирди Аскарбеков Kloop.kgге берген маегинде.
Мөңгүлөрдүн талкаланышына каршы кечээ 29-июнда Жогорку Кеңештин имаратынын жанында митинг болуп, ага 100гө чукул киши катышкан. Ага тарыхчылар, студенттер жана экологияны сактоо фондунун кызматкерлери келип катышты.
“Депутаттар жаңы мыйзам чыгарып жатышат. Буга мен аябай каршымын. Аткени мөңгүлөрдү жардырып салса, эртенки күнү жалпы Азияда суу жетишпестик болот. Өтө чоң көйгөйлөр чыгат деп ойлойм. Ошондуктан бүгүн мөңгүлөрдү коргоп, өзүмдүн активдүү граждандык позициямды билдирүү үчүн келдим”, - деп өз ою менен бөлүшкөн студент Айдар Мамбетов.
Анткен менен Кумтөр дагы үч ай иштөөгө уруксат алган.
“[...] Андан кийин да жыйынтык чыгарып бербесе, биз колдон келген аркетибизди кылабыз”, - дейт “Жаңы муун” кыймылынын дагы бир мүчөсү Адил Турдукулов.
Кечээ митинг жүрүп жатканда Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) мыйзам долбооруна добуш бере албасы тууралуу расмий билдирүү тараткан. Билдирүүдө мөңгүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылгандан кийин бул маселеге кайтып келинээри белгиленген. Бирок анын мөөнөтү так көрсөтүлгөн эмес.
“КСДПнын пикири боюнча, азыркы мыйзам долбоору буга кепил боло албайт деген чечимге келдик. Ошондуктан КСДПнын атынан бул мыйзам долбоору үчүн биз добуш бере албай турганыбызды расмий билдирем”, - деп айткан билдирүүдө парламенттеги КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков.
Буга чейин 26-июнда Суу кодексине толуктоолорду киргизүү боюнча мыйзам долбоору парламентте добуш берүүгө коюлуп, 91 депутаттын 52синин колдоосу менен 2-окуудан өткөн.