Казакстан менен Беларустун парламенттеринин депутаттары Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кириши боюнча документтерди жактырышты. Орусия документтер топтомун бүгүн, 1-июлда ратификациялашы мүмкүн.

Беларусь парламентинин жогорку палатасынын депутаттары документтер топтомун 30-июнда, парламентарийлердин эс алуусунун алдындагы акыркы жыйынында ратификациялашты. Ага чейин Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кириши боюнча протоколдорду республиканын Улуттук кеңеши жактырган болчу.

Кыргызстандын ЕАЭБге кириши боюнча документтердин биротоло ратификацияланышы үчүн аларга Беларустун президенти Александр Лукашенко кол коюшу керек.

Казакстандын парламенти (Мажилис) дагы документтер топтомун өткөн сессиянын акыркы жыйынында, 30-июнда жактырды. 24.kz маалыматтык порталы билдиргендей, казак депутаттары Кыргызстандын ЕАЭБге киришин «бир добуштан колдошкон».

ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстандын биримдикке кириши боюнча документтерди Орусиянын мамлекеттик думасы гана жактыра элек. «РИА Новостинин» билдирүүсү боюнча, орусиялык парламентарийлер документти 1-июлдагы жыйынында кароолору керек.

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн биримдикке кириши боюнча акыркы протоколдорго 2015-жылдын 8-майында Москвада кол койгон, а 20-майда Жогорку Кеңеш ал документтерди ратификациялаган.

Июндун башында кыргыз премьер-министри Темир Сариев Кыргызстандын жакынкы убактарда ЕАЭБдин толук укуктуу мүчөсү болушу үчүн интеграциялык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн бийликтерин документтерди ратификациялоону тездетүүгө чакырган.

Июндун ортосунда Атамбаев Санкт-Петербургдагы Эл аралык экономикалык форумга катышуусунун алкагында өлкөнүн 1-июлдан тартып ЕАЭБдин толук укуктуу мүчөсү болоруна үмүттөнөрүн билдирген.

Евразиялык биримдикке кирүү

Евразиялык экономикалык биримдик — Орусия, Казакстан жана Беларусь тарабынан түзүлгөн интеграциялык биримдик. 2015-жылдын 1-январынан тарта ага Кыргызстан менен Армения дагы кирет.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев ЕАЭБге кирүү жөнүндөгү макулдашууга 2014-жылдын 23-декабрында кол койгон. Бирок ал анда өлкө 2015-жылдын май айында гана биримдиктин толук кандуу мүчөсү боло ала тургандыгын билдирген.

Кыргызстан биримдикке кошулуу процессин 2011-жылдын жазында эле баштаган. 2014-жылдын майында өлкө биримдикке кирүү боюнча 181 пункттан турган Жол картасын аткарып баштаган. Ошол эле жылдын күзүндө экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаев ал процессти өлкөнүн сырткы саясатынын «приоритети» деп атаган.

Кыргызстан 2015-жылдын 8-майында ЕАЭБдин толук укуктуу мүчөсү болот деп күтүлүп жаткан, бирок апрелдин аягында премьер-министр Темир Сариев биримдикке кирүү «кечеңдер жатканын» билдирген.

Кыргызстандын бийлиги ЕАЭБге кирүү үчүн Жол картасынын 181 пункттан турган тизмесин аткарышы керек болчу — тиешелүү мыйзамдарды, нормативдук-укуктук актыларды кабыл алып, бажы жана чек ара пункттарына жаңы жабдууларды орнотуу.

Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча сүйлөшүүлөр 2011-жылы башталып, өлкөдө көптөгөн талаш-тартыштарды жараткан.

Кыргызстандын Бажы биримдигине киришин колдогондор Кыргызстандын ишкерлери үчүн Казакстан жана Орусия сыяктуу ири сатып өткөрүү рыноктору ачылат деп эсептешет.

Каршы болгондор болсо Кытайдан келген товарларды КМШ өлкөлөрүнө кайрадан экспорттоо менен алектенген ишкерлердин банкрот болуу ыктымалдыгынан, ошондой эле Орусиянын Кыргызстанга болгон саясий таасиринин күчөшүнөн кооптонуп келишет.

Кыргызстан ЕАЭБге кирээр алдында президент Алмазбек Атамбаев Европа өлкөлөрүнө иш-сапары менен барып, өлкө башчылары менен жолугушуп, бизнес-форумдарга катышкан. Ал европалык ишкерлерди Кыргызстандын ЕАЭБ менен Кытайдын рынокторуна чыгууга «ачкыч» болуп бере тургандыгына ишендирген.