Парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков «гейлерге каршы» мыйзам долбоорунун каралышы 2015-жылдын күзүнө калтырылгандыгын, а өзү «динчил адам» катары «ЛГБТнын өнүгүшүнө» каршы экенин билдирди. Төрага бул билдирүүсүн кыргыз депутаттары тарабынан каралып жаткан «салттуу эмес сексуалдык мамилелерди пропагандалоого тыюу салуу тууралуу» мыйзам долбоорунун эл аралык сындарга туш болуп жатышынын фонунда жасады.
Жээнбеков мындай билдирүүнү 1-июлда, парламенттин бешинчи сессиясынын иши тууралуу жыйынтыктоочу маалымат жыйынынын жүрүшүндө жасады.
Төрага ал «динчил адам» болуп эсептелерин, ошондуктан Кыргызстанда «ЛГБТнын өнүгүшүнө» каршы экенин билдирди.
«Ошол эле маалда динде дагы аларга (ЛГБТ-коомчулугуна) түшүнүү менен мамиле кылган өзүнүн эрежелер бар, бирок алар дагы (ЛГБТ-коомчулугу) бир нерсени каалабаган коомдун көпчүлүк бөлүгүнө түшүнүү менен мамиле кылуулары керек», — деп эсептейт Жээнбеков.
Төрага өз билдирүүсүн «салттуу эмес сексуалдык мамилелерди пропагандалоого тыюу салуу тууралуу» мыйзам долбоорунун кабыл алынышы үчүн парламент экинчи окууда добуш бергенден бир аптадан кийин жасады — анда добуш берүү талкуусуз өткөрүлгөн.
Мыйзам долбоору 2014-жылдын жазында демилгеленген. Ал эгер «салттуу эмес мамилелерге» карата жакшы пикир балдардын арасында жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу калыптандырыла турган болсо, анда катаалдыгы бир жылга чейин эркинен ажыратууга чейин жеткен жаза сунуштайт.
Мыйзамдын авторлору дээрлик бир жылга жакын «салттуу эмес сексуалдык мамилелер» терминине аныктама бере алышкан эмес жана 2015-жылдын февралында гана алар документтин долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизишкен. Ал өзгөртүүлөргө ылайык, алар жогорудагы терминди «бир жыныстагы адамдардын жыныстык катнашка баруусу жана алардын ортосундагы сексуалдык байланыштар» деп түшүнүшөт.
Акт Кыргызстанда гомофобиянын күчөшүнүн фонунда жазылган. Анын даярдалып жаткандыгы тууралуу 12-мартта — парламент имаратынын алдында 100гө чукул адамдан турган топ «гей-пропагандага каршы акция өткөргөн күнү жарыяланган.
Мыйзам долбоору эл аралык уюмдар менен башка өлкөлөрдүн сын-пикирлерин жараткан. Европалык парламенттин депутаттары ушул жылдын 15-январында кыргыз парламентарийлерин мыйзам долбоорун чакырып алууга чакырышкан.
«Европалык парламент […] бул мыйзам долбоорунун каралышына жана катаал, адамгерчиликсиз, кемсинткен мамилелерге алып барышы мүмкүн болгон бардык аракеттерге терең өкүнүп, бардык өлкөлөрдү гомосексуалдуулукту кылмыш катары кароону тез арада токтотууга чакырат», — деп жазылган резолюциянын болжолдуу текстинде.
Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешине мүчө өлкөлөр дагы кыргыз парламентинин депутаттарын мыйзам долбоорун чакырып алууга жана аны кароону токтотууга чакырышкан.
Бирок документтин демилгечилери аны чакырып алуудан баш тартышып, Европарламент менен БУУнун Кеңешинин сын-пикирлерин — «Кыргызстандын ички иштерине кийлигишүү» деп аташкан.
Жергиликтүү укук коргоо уюмдары мыйзам долбоорун «басмырлоочу» мыйзам долбоору деп атап келишет.