«Прецедент» өнөктөштүк тобунун башчысы Нурбек Токтакунов анын 24-июнда АКШнын Кыргызстандагы убактылуу ишеним берилген өкүлү менен жолуккандыгы тууралуу Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын сюжетине укуктук баа берүү өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кайрылды. Укук коргоочу телерадиоберүү корпорациясынын жетекчилигинен материал үчүн «элдин алдында кечирим суроосун» талап кылды.

Токтакуновдун пикиринде, КТРКнын сюжетинде аны «бийликти күч менен басып алуу максатында америкалык атайын кызмат менен сөз байлашкан» адам катары көрсөтүшкөн.

Укук коргоочу Башкы прокуратурадан КТРКнын журналисттерине карата «жалган билдирүүлөрү» үчүн кылмыш ишин козгоосун талап кылды. Алгач Токтакунов «Бийликти күч менен басып алуу аракети» беренесинин негизинде ага каршы кылмыш ишинин козголушун талап кылган болчу.

«Башкы прокуратурага «Бийликти күч менен басып алуу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоо маселеси менен кайрылгам. Эгер ага негиз таба албаса, анда өлкөнүн башкы көзөмөлдөө органы жалган билдирүү үчүн кылмыш ишин козгосун», — деп билдирди укук коргоочу маалымат жыйынында.

Нурбек Токтакунов менен АКШнын Кыргызстандагы убактылуу ишеним берилген өкүлү Ричард Майлздын жолуккандыгы тууралуу КТРКнын сюжети 24-июнда көрсөтүлгөн. Сюжет жарандык коомчулуктун Конституцияга өзгөртүүлөрдүн киргизилишине каршы өткөргөн митинги тууралуу билдирүү менен башталып, күтүүсүздөн эле план Токтакуновго өткөн — анда өлкөнүн баш мыйзамын өзгөртүүгө каршы акция өткөн күнү жашыруун камерага тартылып, интернетке жайгаштырылган кадрлар пайдаланылган.

Токтакуновдун айтымында, митинг өткөн күндүн эртеси түшүндүрмө берип коюу өтүнүчү менен ага КТРКнын журналисттери кайрылышкан.

«Алар [журналисттер] менин маегимен үч гана сөздү алып, элчи менен жолуккандыгымды мойнума алгандыгым фактысын пайдаланышкан, […] а калган түшүндүрмөлөрүмдүн бардыгын тең кадр сыртында калтырышкан. Мени болсо бийликти күч менен басып алуу максатында америкалык атайын кызмат менен сөз байлашкан адам катары көрсөтүшкөн», — деди Токтакунов маалымат жыйынында.

Мында укук коргоочу экинчи сюжет тууралуу айтууда, анда да Токтакуновдун америкалык дипломат менен жолуккандыгы жөнүндө айтылган — КТРКнын журналисттери Токтакуновдун Майлз менен жолуккандыгын ырастагандыгын пайдаланышкан.

«Прецеденттин» башчысы аталган сюжет көрсөтүлгөндөн кийин КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков менен жолуккандыгын, анда ал «күнөөсүн» жана журналисттердин кесипкөй эмес экендигин «толугу менен мойнуна алгандыгын» кошумчалады. Айтымында, телеканал жетекчиси аны каналдын материалын «толугу менен көзөмөлдөй албастыгы» менен түшүндүргөн.

«[Карыпбеков] чынында эле менин сөздөрүмдү контекстен сууруп чыгып көрсөтүп койгондуктарын айтты», — деди Токтакунов Карыпбековдун айткандарына шилтеме жасап.

Азырынча Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Токтакуновдун билдирүүсү боюнча түшүндүрмө бере элек. КТРКнын жетекчилиги укук коргоочунун айыптоосу боюнча түшүндүрмө алууга жеткиликсиз болууда.

Токтакунов тууралуу сюжеттер

Укук коргоочу Нурбек Токтакунов тууралуу биринчи сюжет эфирден 24-июнда — жарандык активисттер Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө каршы акция өткөр күнү кечинде көрсөтүлгөн.

Сюжетте 24-июнда интернетте пайда болгон кадрлар пайдаланылган. Анда Токтакунов менен Майлздын жолугушуусу жашыруун камерага тартылган. Анда укук коргоочу жашыруун камера менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекетти комитеттин кызматкерлери тарткандыктарын билдиришкен.

КТРКнын эфиринен көрсөтүлгөн экинчи сюжетте телеканалдын журналисти Жибек Капарбекова Токтакуновдун түшүндүрмөсүн пайдаланган.

«Памела Спратлен менен дагы жеке жана жарандык коомдун мүчөлөрү менен бирге бир нече жолу жолуккам. Мени Ричард Майлз дагы көңүл коюп кайрылгандыгы кубандырды», — деген «Прецеденттин» башчысы КТРКнын 25-июнда көрсөтүлгөн сюжетинде.

Токтакуновдун сөзүнөн кийин сюжеттин автору дароо эле Майлз «түстүү революциялардын атасы« катары белгилүү экендиги жана Кыргызстанга дал парламенттик шайлоонун жана республиканын Евразиялык экономикалык биримдикке киришинин алдында келгендиги тууралуу айтып баштаган.

«Андан сырткары, ал Кыргызстанга келген учурда өлкө ЕАЭБге — расмий Вашингтонго жакпаган, АКШнын Борбордук Азиядагы геосаясий кызыкчылыктары менен амбициясына тоскоолдук кылган уюмга кирүү алдында турган», — деп билдирген Капарбекова сюжетте.

«КТРКнын чуулу сюжеттери»

Бул Коомдук телеканалдын алгачкы чуулу сюжети эмес — апрелде КТРКнын эфириндеги жаңылыктарда «Вечерний Бишкек» басма үйүнүн түптөөчүлөрү Александр Ким менен Александр Рябушкиндин ортосундагы чарбалык талашка байланышкан эки сюжет көрсөтүлгөн.

Биринчи сюжетте телеканалдын мурунку журналисти Назира Ахмедова (учурда өкмөттүн басма сөз кызматы) гезиттин айланасындагы талашты АКШнын элчилиги үчүн жөнөтүлгөн 150 тонналык дипломатиялык жүккө байланыштырган.

«Бизнес на лжи» деген аталыштагы экинчи сюжет айдын аягында чыккан, бирок анда анын авторлору көрсөтүлгөн эмес — репортажда «Вечерний Бишкектин» учурдагы жетекчилиги экс-президенттин уулу Максим Бакиев менен байланыштырылган. Курманбек Бакиевдин уулу Кыргызстандын бийлиги тарабынан каржы алдамчылыктары жана бюджеттик каражаттарды чет өлкөгө алып чыгып кетүүгө күнөөлөнүп, 25 жылга соттолгон. Учурда ал Улуу Британияда жашырын жүрөт.