Жол кайгуул кызматынын инспекторлорунун пара талап кылгандыгын видеого тартып алган активист Болот Ибрагимов өлкөнүн башкы телеканалы — КТРК — өз сюжетинде аны «кылмышкер» катары көрсөткөндүгүн билдирди. Телеканалдын жаңылыктар бөлүмүнүн жетекчилиги Ибрагимовдун айткандарын четке кагып, бардык тараптын пикири берилгендигин айтты.

Жол кайгуул кызматынын (ЖКК) инспекторлорунун пара талап кылгандыктары тууралуу чуулуу видеонун автору Болот Ибрагимов Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «ЖКК кызматкери эмне үчүн жабыркады?» деген аталыштагы эфирге 1-июлда чаккан видеосуна карата нааразычылыгын билдирди.

Активисттин айтымында, өлкөнүн башкы телеканалы аны «кылмышкер» катары, а пара талап кылып бети ачылган ЖКК инспекторун «жабырлануучу» катары көрсөткөн.

«КТРКнын сюжетине терс көз караштамын, анткени алар мени кылмышкер катары көрсөтүшкөн. Биз жайгаштырган видеону кыскартылып кесилген түрүндө көрсөтүштү — [сюжетте] ЖККнын инспектору жабырлануучу болуп чыкты», — деди Ибрагимов Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде.

Ибрагимовдун видеосу «YouTube» видеохостинг сервисине 30-июнда жайгаштырылган — анда ЖККнын эки инспектору активист менен анын досторунан пара катары 5 миң сом талап кылып жаткандыктары тартылган. Ал видеону бир сутка ичинде эле 20 миңден ашык киши көргөн.

Коомдук телеканал өзүнүн жаңылыктар берүүсүндөгү сюжетте Ибрагимов тарткан видеодогу кадрларды, ошондой эле ЖККнын башчысы Сергей Дьяченко менен Ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Кашкар Жунушалиевдин комментарийлерин пайдаланышкан. Анда Дьяченко менен Жунушалиев активист менен достору кайгуул кызматынын инспекторлорун пара алууга «азгырышканын» билдиришкен.

Активист КТРК ушундай сюжет тартып көрсөтөт деп күткөн, анткени ал «мамлекеттин кызыкчылыгы» үчүн аракеттенген мамлекеттик канал. Ошондуктан ал «КТРКнын журналисттери менен териштирүүгө барбайт».

«ЖКК кызматкерлеринин пара талап кылгандыктарынын бети ачылгандыгы мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келет деп эсептейм. Ошондуктан мамлекеттик канал өз позициясын дал ушундай кылып билдирди», — деп эсептейт Ибрагимов.

Активист телеканал калктын интернет колдонбогон бөлүгүн, анын ичинде өлкөнүн алыскы райондорун камтый тургандыгын билдирди — Ибрагимовдун пикиринде, калктын андай бөлүгүндө сюжет «керектүү эффект» жаратты.

«Үйлөрүндө КТРК гана көрсөткөн адамдар бар жана ал (телеканал) алыскы райондорго акцент жасаган», — деди ал.

КТРКнын «Ала-Тоо» маалымат программасынын продюсери Жылдыз Жумабекова Ибрагимовдун айткандарын четке кагып, телеканалдын журналисттери «эки тараптын пикирин» бергендиктерин айтты.

«Биз ЖКК инспекторлорун коргобой элебиз, биз тараптардын пикирин берүүдөбүз. Ал боюнча ЖККнын башчысы Сергей Дьяченкодон интервью алганбыз, ал активисттердин аракети чагымчылдык экенин айтты. Бул биздин эмес, а анын айткандары. Биздин сюжетте ЖКК инспектору пара алып бети ачылгандыгы үчүн жазага тартылышы керектиги айтылган», — деди Жумабекова Kloop.kgге курган маегинде.

Ал видеонун толугу менен эмес, а кээ бир гана кадрларынын пайдаланылышын «маалыматтык репортаждын форматы» менен түшүндүрдү. Ибрагимов тарткан видеонун узактыгы — 26 мүнөт.

«Маалыматтык репортаждын форматы бир мүнөттөн эки мүнөткө чейин эле болот. Биз видеону толугу менен көрсөтө албайбыз. ЖКК инспекторлору менн айдоочунун ортосунда маек жүрүп жаткан зыянсыз жерин тандап алганбыз», — деп кошумчалады ал.

«Укуктук баа»

КТРКнын сюжетинде активист Болот Ибрагимовдун видеосундагы кадрлардан сырткары журналисттер кайгуул кызматынын башчысы Сергей Дьяченкодон комментарийин пайдаланышкан. Анда ал активист менен достору мекеменин инспекторлорун пара талап кылууга «азгырышкандыгын» айткан.

«Айдоочулардын аларды [ЖКК инспекторлору] азгырууга аракет кылып жаткандыктары ачык көрүнүп турат. Албетте аларда дагы тартипти бузуу элементтери бар. Кызматтык териштирүүнүн жүрүшүндө анын бардыгына баа берилет», — деп билдирген Дьяченко КТРКга берген интервьюсунда.

Ошол эле сюжетте Ички иштер башкармалыгынын башчысы Кашкар Жунушалаиев мыйзам боюнча эки тарап тең жазаланышы керектигин билдирген.

«ЖКК инспекторлоруна, алардын жанындагы жарандык адамдарга жана видеороликти тарткандарга карата укуктук баа беришет», — деп белгилеген Жунушалиев.

Куугун жана пара талап кылуу

28-июнга караган түнү активист Болот Ибрагимов менен достору бара жаткан автоунааны Ахунбаев-Матросов көчөлөрүнүн кесилишинен ЖКК инспекторлору токтотушкан. Кызматкердин документтерин көрсөтүү талабына айдоочу аларды унутуп калгандыгын айткан.

Документтеринин жоктугунан улам инспектор алгач унааны айып төлөөчү унааларды коё турган жайга алып барууну сунуштаган, андан кийин «абалдын чыгуунун башка жолун» сунуштап, 5 миң сом өлчөмүндө пара талап кылып баштаган. Инспектордун пара талап кылуу аракетинен кийин роликтин каарманы документтерин издеп таап, аны кайгуу кызматкерине көрсөткөн.

Ибрагимовдун айтымында, андан кийин «жарандык кийимчен белгисиз адамдар» «чыр чыгарууга чагым кылышкан».

«Андан соң биз кеттик, артыбызга болсо ак түстөгү Мерседес, В7007Х түштү. Анын айнектери толугу менен караңгылатылган экен. Анда айдоочусу менен жүргүнчүсү жана инспектор болгон. Алар бизди кубалап жетип, алдыбызды тосуп токтотуп, арткы жана алдынкы номурларыбызды алып кетишти», — деп билдирген анда ал.

Окуя кыргызстандык интернет колдонуучулардын арасында кызуу талкуу жараткан. ИИМ башчысы Мелис Турганбаев окуянын иликтенишин жеке көзөмөлүнө алган — ЖКК инспекторлоруна «сөгүш жарыяланып», а «жарандык кийимчен белгисиз адамдар» издөөгө жарыяланышкан.