Канадалык «Центерра» корпорациясы Кыргызстандын өкмөтү Кумтөр алтын кенин 2015-жылдын аягына чейин иштетүүгө уруксат бергендигин билдирди. Буга чейин кыргыз парламенти Суу кодексине сунушталган өзгөртүүлөрдү жактырган эмес. Ал өзгөртүүлөргө ылайык, «Кумтөрдүн» ишин жаңы тоо иштеринин планы боюнча улантууга уруксат берилмек.

3-июлда канадалык «Центерра Голд» корпорациясынын басма сөз кызматы «Кумтөр» алтын иштетүү ишканасынын ишин улантууга уруксат берилгендигин билдирди. «Центерра» «Кумтөрдүн» акцияларынын 100 пайызына ээлик кылат, өз кезегинде Кыргызстандын өкмөтү канадалык компаниянын акцияларынын 33 пайызына ээ.

«Центерранын» пресс-релизинде Кыргызстандын Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги «Кумтөрдү» 2015-жылдын 31-декабрына чейин иштетүүгө уруксат бергендиги жазылган.

«Кыргызстандын Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги «Кумтөр» ишканасына тоо иштеринин ар жылдык планы каралып чыкканга чейин кендин ишин токтотпоо кеңешин берди», — деп билдирген канадалык компания.

«Кумтөр» Кыргызстандын өкмөтү тарабынан жыл сайын бекитилчү иш планы боюнча иштейт. 2015-жылдын планынын мөөнөтү 6-июлда аяктамак, а «Кыргызстандын Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги дагы деле жаңы планды беките элек.

Компания менен кыргыз өкмөтү эгер Суу кодексине сунушталган өзгөртүүлөрдү кабыл албаса Кумтөрдүн иши убактылуу токтоп калышы мүмкүн деп кооптоонуп жатышкан.

Сунушталган өзгөртүүлөр эки окуудан өткөн, бирок үчүнчү окуудагы добуш берүүнүн алдында парламенттеги КСДП фракциясы «Ата Мекенге» кошулуп, кодекске өзгөртүүлөрдүн киргизилишин жактыруудан баш тарткан.

Өзгөртүүлөрдө Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө жакын жердеги казуу иштерин улантуу сунушталган. Бирок парламенттин бир катар депутаттары менен экологдор ал мөңгүлөрдүн кыйрашына алып келет деп кооптонууларын билдиришкен.

«Азаттык» радиосу билдиргендей, Кыргызстандын Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин башчысы Сабыржан Атажанов кендеги иштерди улантууга уруксат берилгендиги тууралуу маалыматтарды ырастаган.

«Центерра» өз пресс-релизинде компания иштердин жаңы планын бекитүү боюнча Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттиги менен сүйлөшүүлөрдү улантарын билдирген.

«Ошентсе да бул маселе боюнча ырастоонун алына тургандыгына эч кандай кепилдик жок. Ырастоонун жоктугу долбоор боюнча иштердин убактылуу токтошуна алып келиши мүмкүн», — деп жазылган канадалык компаниянын билдирүүсүндө.