Милиция 2015-жылдын алгачкы алты айында кыргызстандыктарды Сирияга тартуу боюнча 152 фактыны аныктады, алардын 91 пайызы — аялдар, деп билдирди Ички иштер министрлигинин алдындагы Экстремизмге каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Райим Салимов.

ИИМдин алдындагы Экстремизмге каршы күрөшүү боюнча 10-башкы башкармалыктын башчысынын орун басары Райим Салимов быйыл Сирияга азгырылып кеткен 152 кыргызстандыктын 91%ын аялдар түзөрүн айтты. Бул согуштук аракеттер болуп жаткан жерде жүргөн Кыргызстандын жарандарынын жалпы санынын 11%ы.

«Экстремизмдин радикалдашуусун алдын алуу максатында Ош шаарындагы аялдар арасында алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чаралары уланууда. Анткени согуштук аракеттер жүрүп жаткан аймактарга аялдар өтө көп кетип жатышат. Негизинен алар эч жакка чыгарылбай, үйдө жамынып отурган аялдар», — деди ал.

Анын айтымында, «андай дарстар» жарандардын согушка тартылышын «токтотууга» гана эмес, а кыргызстандыктардын арасында экстремизмдин жайылышын аныктоого дагы жардам берет.

«Аныктоо жана колго түшүрүү операцияларын өткөрүүдөн мурун биз жарандардын арасында ыкчам-алдын алуу иш-чараларын өткөргөнбүз», — деп билдирди Салимов.

2015-жылдын биринчи жарымында 10-башкармалыктын кызматкерлери тарабынан «диний экстремизм көрүнүштөрүнүн» 232 фактысы аныкталып, алар боюнча 103 кылмыш иши козголгон.

«Бүгүнкү күндө ички иштер органдарынын эсебинде экстремисттик уюмдардын 1847 активдүү мүчөсү турат. Алардын ичинен «Хизб ут-Тахрир» 1386 киши, бул экстремисттердин жалпы санынын 81%ын түзөт», — деп белгиледи Салимов.

(function() {
var lb24 = document.createElement('script'); lb24.type = 'text/javascript'; lb24.id = '24lbScript'; lb24.async = true; lb24.charset="utf-8";
lb24.src = '//v.24liveblog.com/embed/24.js?id=1296616';
(document.getElementsByTagName('head')[0] || document.getElementsByTagName('body')[0]).appendChild(lb24);})();