Конституциялык палатанын мурунку судьясы Клара Сооронкулова 2015-жылдын күзүндөгү парламенттик шайлоого катышуу ниети тууралуу билдирди, бирок азырынча анын кайсыл партиянын катарына кошулары белгисиз. Сооронкулова судьялык кызматтан биометрикалык каттоого алууну «антиконституциялык» деп атап, биометрика маселеси боюнча Конституциялык палатанын төрагасы тараптан басым жасоолор болуп жатканын айткандан кийин алынган.

Сооронкулова Kloop.kgге берген маегинде парламенттик шайлоого катышуу ниети бар экенин жана учурда Кыргызстандагы саясий партиялардын программалары менен таанышып жатканын ырастады. Бирок азырынча парламенттик шайлоого алардын кайсынысы менен бара тургандыгын так айта албайт.

«Чынында буга чейин саясат тууралуу эч кандай ойлор болгон эмес. Бирок бул окуя системанын өзгөрүшү үчүн ар бирибиз тең өз салымыбызды кошушубуз керектигин көрсөттү. Коомубуздун прогрессивдүү өнүгүшү үчүн аз да болсо салым кошууга менде жетишээрлик билим, мүмкүнчүлүк бар деп эсептейм», — деп билдирди Конституциялык палатанын экс-судьясы.

Сооронкулованын айтымында, эгер ал парламентке өтсө адам укугу, эркиндиги, соттук же укук коргоо тармактарынын бирин тандайт.

Ал Жогорку Кеңешке оппозициялык күчтөрдүн катарында шайлануу ниети жок экенин кошумчалады. Айтымында, өлкөдө «оппозиция деле жок».

«Эгер Кыргызстанда бул процессти башкарып, кайсыл бир деңгээлде каршы тура ала турган күчтүү оппозиция болгондо, анда билким мен ал оппозициянын катарына кошулмакмын», — деди Конституциялык палатанын экс-судьясы.

Клара Сооронкулова Конституциялык палатанын судьялыгынан 2015-жылдын июнунун аягында — милдеттүү түрдө биометрикалык каттоону «Конституцияга каршы келет» деп айткандан бир ай өткөн соң четтетилген. Депутаттар аны судьялыктан кетирүү үчүн тиешелүү сандагы добушту дароо топтой алышкан эмес — маселе парламенттин үчүнчү аракетинен кийин гана чечилген.

Биометрикалык каттоо тууралуу

Сооронкулованын айтымында, алгач ал биометрикалык каттоонун милдеттүүлүгүн гана «антиконституциялык» деп атап, бул маселе боюнча Конституциялык палатага «жогорку жактан» басым жасалып жаткандыгы тууралуу билдирген.

Ал биометрика тууралуу мыйзамды «Конституцияга каршы келет» деп билдиришкен укук коргоочулар Нурбек Токтакунов менен Токтайым Үмөталиеванын доо арызы боюнча негиги баяндамачы болгон. Анда Сооронкулова ага карата Конституциялык палатанын судьясы Мукамбет Касымалиев тарабынан басым жасагандыгын айткан.

«Биометрикалык маалыматтар — бул биздин жеке өзүбүзгө гана таандык болгон уникалдуу маалыматтарыбыз. Ал маалыматтарды мамлекетке ишенүү же ишенбөөнү биз өзүбүз чечишибиз керек», — деп эсептейт Сооронкулова.

Анын айтымында, биометрикалык маалыматтарын тапшырууга милдеттүү болгон жарандардын тобу бар: «кылмыштарга тиешеси бар» адамдар, же жумушу «жогорку тобокелчиликке» байланыштуу болгон жарандар.

«Бирок жарандардын бардыгын тең аталган маалыматтарды тапшырууга милдеттүү адамдардын катарына киргизүүнү мен туура эмес, конституциялык эмес деп эсептейм. Биринчи кезекте бул адам укугуна, жеке кол тийбестигине жана жеке жашоого болгон укугуна кол салуу», — деп белгиледи Сооронкулова.

Ал анын айткандары көз карандысыз эксперттердин, жергиликтүү мамлекеттик органдардын корутундуларына, ошондой эле биометрикалык маалыматтар базасын «мыйзам жагынан да, уюштуруучулук жагынан дагы» коргоонун жоктугун билдирген Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматтарына негизделгендигин билдирди.

Анын айтымында, биометрикалык маалыматтар жарандардын «укуктарын тебелебестен», тескерисинче «алардын жыргалчылыгы үчүн» кызмат кылышы керек.

Сооронкулова мында шайлоо тууралуу мыйзамга киргизилген жаңы өзгөртүүлөр тууралуу айткысы келген. Ал өзгөртүүлөргө ылайык, биометрикалык маалыматтарын тапшырбаган жарандар парламенттик шайлоодо добуш бере алышпайт.

«Биометрикалык каттоо жана биометрикалык маалыматтарды топтоо шайлоолордо таза шайлоонун кепили болуп эсептелбейт. […] Ал биометрикалык маалыматтар шайлоолорду бурмалоо үчүн пайдаланылышы мүмкүн», — деп билдирди экс-судья.

Ал биометрикалык маалыматтардын шайлоону бурмалоо үчүн пайдаланылышы мүмкүндүгү тууралуу пикирди «чет элдик эксперттер» ырастагандыктарын кошумчалады. Алар өкмөт тарабынан «биометриканын жардамы менен шайлоону бурмалоо» ыктымалдыктарын жокко чыгарышкан эмес.

Аны менен катар ал Кыргызстандын бийлигинин биометрикалык маалыматтарды пайдалануудан баш тартуу ыктымалдыгы тууралуу маалыматтар бар экенин белгиледи.