Ички иштер министрлиги жылаңачталган кыздын суракка алынышы тууралуу видеонун аныктыгын текшерет. Видео тууралуу «Репортёр» сайтына билдирүү жазган автордун айтымында, видеодо кайсыл бир «жергиликтүү тургундар» кызды «өзбектер менен» жыныстык канташка барган деп айыптап, аны сабап жаткандыктары тартылган.

Кыздын суракка алынып жатышы тартылган видео тууралуу жаңылык 6-июль күнү эртең менен «Репортер» сайтында пайда болгон. Аны жайгаштырган автор укук коргоо органдарын сурак жүргүзгөндөргө карата чараларды көрүүгө чакырган.

Анын айтымында, видеодогу кыз 1996-жылкы жана аны суракка алып жаткандар ага карата кол көтөрүп, зомбулук көрсөтүшүүдө.

«Бир нече кишиден турган жергиликтүү тургандар буга чейин турмушка чыккан баткендик жылаңач кызды суракка алып жатышат. Ага: «Сен эмнеге өзбектер менен жатасың, болгондо да Орозо айында жана көлдө?», деген суроолорду беришкен. Кыз аны шишкебек жегенге чакыргандыктарын жана алар экөө эле болгонун айтып жооп берген. Андан соң берки эркектерден урбоосун жана жазалабоосун өтүнгөн. Видеонун соңунда ал кызды ачык эле сабап башташкан», — деп билдирген автор.

Кадрдагы жазууларда видеонун «Bulbul.kg»  видеохостинг сервисине жайгаштырылгандыгы көрүнүп турат. Бирок Kloop.kgнин кабарчылары сайттан видеонун түп нускасын таба алышкан жок.

ИИМдин басма сөз кызматынан Kloop.kgнин кабарчысына аталган факты боюнча текшерүү жүрүп жатканын жана «азырынча эч нерсе айта албай тургандыктарын» билдиришти.

«Биринчиден, зомбулукка кабылып жаткан ал кыздын жана аны сабап жаткандардын ким экендигин аныктоо керек», — деп билдиришти мекемеден.

ИИМден видеонун өзүн «көрбөгөндүктөрүн» белгилешти — басма сөз кызматынын өкүлүнүн айтымында, «видео болгондо деле» анда көп нерсе «түшүнүксүз».

«Бул факты боюнча Баткен облустук ИИБси текшерүү жүргүзүүдө, азырынча эч нерсе айта албайбыз. Ал видео болгон күндө да анын кайсыл жерде жана качан тартылгандыгы, ошондой эле ал кыздын ким экендигин түшүнүксүз», — деп билдиришти ИИМден.

24.kg маалымат агенттиги милицияга шилтеме жасоо менен видеонун Орусияда тартылгандыгын билдирүүдө. Басылма ошондой эле видеону тосмолоо үчүн милиция «болгон аракетин көрүп жатканын» белгиледи.

Сүрөт: «Репортер. АКИпресс».