Президент Алмазбек Атамбаев биометрика топтоо боюнча өнөктүк башталгандан бир жыл өткөн соң биометрикалык маалыматтарын тапшырды, деп билдирди анын басма сөз кызматы.

Президенттин басма сөз кызматы Атамбаев системалуу коррупцияны «жоюуга» жана алдыдагы парламенттик шайлоону өткөрүү процессинде калыстыкты сактоого өбөлгө болчу «жаңы технологиялардын» киргизилиши аркылуу мамлекеттик органдардагы «ачык-айрымдуулуктун» жогорулай тургандыгына ишенерин билдирди.

«Мамлекет башчысы Кыргызстандын жарандарын эсепке алууга жана каттоого жаңы технологияларды киргизүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын  ишмердүүлүгүндөгү ачык-айрымдуулукту жогорулатууга, социалдык жеңилдиктерди жана кепилдиктерди бөлүштүрүүдө системалуу коррупцияны жоюуга, ошондой эле калыстыктын принциптерин, анын ичинде шайлоолорду өткөрүү процессинде калыстыкты сактоого өбөлгө болууга тийиш деп эсептейт», — деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.

Биометрикалык каттоо

Биометрикалык маалыматтарды топтоо боюнча өнөктүк 2014-жылдын сентябрында башталган — Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, 9 айдын ичинде Кыргызстандын 2,5 млн. жараны биометрикалык маалыматтарын тапшырышкан.

2015-жылдын апрелинде кыргыз парламенти шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрду киргизген. Ал өзгөртүүлөргө ылайык, биометрикалык маалыматтарын тапшырбаган күзүндөгү парламенттик шайлоодо добуш бере алышпайт. Киргизилген өзгөртүүлөрдү президент Атамбаев колдоп, дагы деле биометрикалык маалыматтарын тапшыра электерди «жалкоолор» деп атаган.

«Мындай укуктар Европа менен АКШнын калкынын кээ бир бөлүгүнө жакында эле берилди. Кеп «караңгы» калк, аялдар тууралуу болууда. А бүгүн болсо кээ бирөөлөр өз бармак издерин тапшыруудан эринип жатышат. Демек, андай адамдар шайлоо процессине катышуу үчүн бышып жетиле элек», — деп билдирген ал.

Анда президенттин билдирүүсүн бир катар укук коргоочулар менен активисттер сынга алышкан. Укук коргоочу Нурбек Токтакунов президенттин айткандарын «диктатордук билдирүү» деп атаган, а анын кесиптеши Токтайым Үмөталиева биометрика тууралуу мыйзамды «иштебей турган» мыйзам деген. Алар биометрикалык каттоого каршы Конституциялык палатага доо арыз менен кайрылышкан.

Алардын арызы боюнча биринчи жыйын 2015-жылдын майынын аягында өтүп, маселе боюнча башкы баяндамачы судья Клара Сооронкулова катышкан, бирок анын Үмөталиева менен болгон «туугандык байланыштарынан» улам ал башкы баяндамачыдан четтетилген. Андан соң Сооронкулова биометрикалык каттоонун «милдеттүүлүгүн» «антиконституциялык» деп атаган.

Судьянын бул билдирүүсү парламент депутаттарынын нааразычылыктарын жаратып, алар анын кызматтан кетирилишин талап кылышкан — бир айдан соң Сооронкулова Конституциялык палатанын судьялыгынан алынган.

Демилге азыркыга чейин адам укуктарынын бузулушу тууралуу талаш-тартыштарды жаратууда. Бийлик болсо биометрика «таза» шайлоолорду өткөрүүгө жана «кылмыштардын бетин ачуу» көрсөткүчтөрүнүн жогорулашына жардам бере тургандыгын билдирип келет.