Билим берүү министрлиги 2014-жылдын жайында тандалып алынган жаңы мектеп формасы окуучулардын ата-энелери үчүн милдеттүү болбостугун билдирди. Бирок өкмөт жаңы окуу жылынан тарта окуучулардын сырткы көрүнүшү боюнча бирдиктүү стандарттарды — ак көйнөк менен кара шымды киргизет.

Билим берүү министри Эльвира Сариева 6-июлдагы маалымат жыйынында 2014-жылдын жайында тааныштырылган жаңы мектеп формасы ата-энелердин бардыгы үчүн милдеттүү болбостугун билдирди.

Айтымында, анын ордуна өкмөт Кыргызстандын буга чейин бирдиктүү формага ээ эмес бардык мектептерин окуучулар үчүн бирдиктүү стандарт боюнча форма киргизүүгө милдеттендиришет.

«Биз бүгүн пайдаланылып жаткан мектеп формаларынын түрлөрүн карап чыктык, алардын дээрлик бардыгы тең бул стандарттарга туура келет. Эгер мектепте окуучулардын бардыгы тең ак көйнөк жана кара шым кийишсе, анда алар жаңы форманы сатып албай эле ошол кийимдерин калтырышса болот, анткени аларда жаңы формага каршы келчү нерселери жок», — деди Сариева.

Ал жаңы эрежелерге ылайык, мектепке спорттук, үйдө кийген жана джинсы кийимдерди, спорттук жана көл жээгинде кийилчү бут кийимдерди кийип барууга болбостугун кошумчалады.

Министрдин айтымында, 2014-жылы СМС-добуш берүү аркылуу тандалып алынган жаңы бирдиктүү мектеп формасы «кала берет».

«Стандарттарда негизги түстөрү (кара, боз, көк жана кочкул кызыл), ошондой эле ал негизги түстөрдүн торчо болуп бир аз өзгөртүлүшү жазылган, алар өткөн жылы сунуштама катары киргизилген мектеп формасына ылайык келет», — деп билдирди Сариева.

«Каражат жетишпейт»

Ал ортодо мектеп директорлору Билим берүү министрлиги 2014-жылдын июлунда жаңы мектеп формасын тааныштырып жатканда ал 2015-жылдын сентябрынан тарта милдеттүү болорун билдиргендиктен ата-энелерди жаңы мектеп формасын сатып алууга милдеттендирип башташты.

Аксана Ташикова Ысык-Көл облусунун Тасма айылында жашайт. Алты баласы бар, алардын бешөөсү мектепте окуйт. Ал балдары билим алган мектептин директору аларды жаңы мектеп формасын «сатып алууга мажбурлап жаткандыгын» айтып даттанууда.

2014-жылы тандалып алынган жаңы мектеп формасы.
2014-жылы тандалып алынган жаңы мектеп формасы.

«Мен башынан эле мектеп формасына каршы болчумун. Айылда алар менен өтө оор. Мисалы, мага 30 пайызын төлө деп айтып жатышат, а менин [мектепке барган] беш балам бар. Ар бири үчүн 2500 сом керек. Кийинки жылы да жаңысын сатып алууга туура келет, анткени булары чак келбей калат», — деди Ташикова.

Ал алардын мектебиндеги «ата-энелердин көбү» жаңы бирдиктүү форманы сатып алууга «каршы» экендиктерин кошумчалады.

Жалал-Абад облусунда жашаган үй кожойкеси жана төрт баланын апасы Багдагүл Шайлообаева Kloop.kgге берген маегинде жалпысынан бирдиктүү мектеп формасынын киргизилишин жактырарын, бирок анда аны сатып алууга «каражат жетишпестигин» айтты.

«Мен иштебейм, төрт балам бар. Бардыгы тең мектепке барышат. Эгер кээ бир ата-энелер жаңы форманы колдоп жатышса, башкалары каршы. Анын кымбаттыгынан улам биз ал формага өтө албайбыз. Менимче, 500 сомго кийим сатып берүү жеңилирээк болот», — деди ал.

Талас облусунун Бакай-Ата айлынын жашоочусу жана бешөөсү мектепте окуган алты баланын атасы Нуржигит Итибаев жаңы мектеп формасына каршы эмес экенин жана аны окуучу балдарына сатып берүүгө «аракет кыларын» билдирди.

«Социалдык теңсиздикти жоюу»

Ата-энелер жаңы мектеп формасынын кымбат экени жана аны сатып алууга акчаларынын жоктугун айтып жаткан кезде билим берүү мекемелеринин жетекчиликтери жаңы бирдиктүү форманы киргизүү зарылдыгын билдирип жатышат.

Таластагы №4 мектеп-гимназиясынын мугалими Нуржамал Курманбекова Kloop.kgге берген маегинде окуучулардын ата-энелери жаңы формага өтүүгө «абдан кубанычта» экенин билдирди.

«Азыр көпчүлүгү жаңы формага буйрутмаларды берип коюшту. Жаңы окуу жылын жаңы форма менен баштайбыз деген үмүттөмүн», — деди Курманбекова.

Айтымында, жаңы форманын киргизилиши менен анын мектебиндеги окуучулардын бардыгы тең «окшош» кийинип калышат.

Ысык-Көл облусунун Тасма айылындагы орто мектептин окуу бөлүм башчысы Кундуз Шалтабаева бирдиктүү форма — мектеп окуучуларынын арасындагы «социалдык теңсиздикти жоюу» жолу деп эсептейт.

«Форма мектептин эстетикалык көрүнүшү үчүн керек. Форма сатып алууга бардыгынын мүмкүнчүлүгү бар. […] Ата-энелер кубанып сатып беришүүдө. Көпчүлүгүнө жагып жатат», — деди Шалтабаева.

Анын айтымында, бирдиктүү мектеп формасына «дал азыр» сатып алууга мүмкүнчүлүгү жоктор каршы болуп жатышат.

«Азыр акча жок, бирок ата-энелер сентябрга чейин сатып алышып, балдарын мектепке даярдашат», — деп эсептейт Шалтабаева.

Чүй облусунун Кара-Суу айылындагы орто мектептин мугалими Нургүл Алиева кесиптешин колдоп, бирдиктүү мектеп формасына өтүүнү «туура» деп эсептейт.

«Форма сатып алууга ар бир ата-эненин акчасы жетиши керек. Анткени балдарына эркин форма сатып берип жатканда алар мындан да көп акча коротуп жатышпайбы. Бирдиктүү форма 2000 сомдон ашык болот деп айтып жатышат. Анын пайдасы окуучулардын бардыгы тең өзүн башкалар менен тең көрүп калышат», — деди ал.

Алиева анын мектебиндеги «ата-энелердин эч кимиси» жаңы формага «каршы эмес» экенин кошумчалады.

Жалал-Абад облусундагы Терек-Суу айылынын №12 мектебинин окуу бөлүм башчысы Нуржамал Казакбаева жаңы формага өтүүнү «талаштуу» деп атап, ата-энелердин кээ бири буга чейинки форманы «жакшы» киргизилген деп эсептеп жаткандыктарын билдирди.

«Биз сентябрга чейин бардыгынын тең жаңы формага өтүүсүнө аракет кылып жатабыз. Бирок буга чейинки форма деле жаман эмес болчу», — деди Казакбаева Kloop.kgге курган маегинде.

Башкы сүрөттүн автору: Акжибек Бейшебаева