Кыргызстандын борборунда велосипеддерди ижарага берүү боюнча көчө станциялары пайда боло баштады — азырынча болгону төртөө эле, бирок алдыда алардын саны 30га жетиши керек, деп билдирди «CityBike» компаниясынын ээси Медер Жаманбаев. Ал ортодо бишкектик айдоочулар шаар көчөлөрүндөгү веложолдорду автоунааларын токтотуу үчүн ээлеп алышууда.

Велосипеддерди ижарага берүү боюнча алгачкы төрт көчө станциясы 25-июлда ачылды — алар Филармониянын имаратынын алдында, И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жана борбордук Ала-Тоо аянтындагы Кыргызстан элинин ассамблеясынын имаратынын жанында.

Ар бир станцияда 10го жакын велосипед бар, аларды каалаган адам ижарага ала алат. Ижара акысы — күнүнө 79 сомдон, акчасын накталай же банк карталары менен (Visa же Master Card) төлөөгө болот.

Велосипеддерди ижарага берүү станцияларына ээлик кылган «CityBike» компаниясынын негиздөөчүсү Медер Жаманбаев мындай станциялардын санын 30га чейин жеткирүү ниети бар экенин билдирди. Бирок ал бул ишти канча мөөнөттө ишке ашыра тургандыгын тактап айткан жок.

Медер Жаманбаев ижарага  велосипед берген станциялардын биринде.
Медер Жаманбаев ижарага  велосипед берген станциялардын биринде.

Ал өз долбоорун «социалдык-коммерциялык» деп атап, «дени сак жылып жүрүү ыкмасы» үчүн бишкектиктерди велосипеддер менен камсыз кылгысы келгендигин айтты.

«Велостанциялардын киргизилиши бишкектиктерди жылып жүрүүнүн ыңгайлуу ыкмасы, экологиянын булганышынын төмөндөөсү жана шаардын көчөлөрүндөгү траффиктин төмөндөшү менен камсыз кылат», — дейт Жаманбаев.

Филармониянын алдындагы велосипед ижарага берүү станциясы.
Филармониянын алдындагы велосипед ижарага берүү станциясы.

Велосипед ижарага берүү станцияларынын ачылышы Бишкек мэриясы менен «Велокоомчулук» бирикмесинин 12 кичи райондон Ала-Тоо аянтына чейин созула турган 11 чакырымдык веложолдорду куруу долбооруна даярдык көрүп жатышынын фонунда болууда — долбоор 2015-жылдын августунда көрсөтүлүшү керек.

«Велокоомчулук» бирикмесинин негиздөөчүсү Искендер Алиев 2015-жылдын майында велосипедчилер үчүн алгачкы жолдун курулушуна 100 млн. сом талап кылынарын билдирген. Веложолдорду куруу долбоорунун өзү 2014-жылдын жайында — мэр Кубанычбек Кулматов борбордо веложолдорду курууну убадалагандан үч ай өткөн соң сунушталган.

Ал ортодо Бишкек мэриясы велосипедчилер үчүн борбордук Токтогул көчөсүнөн бир тилке бөлүп берген. Бирок бир нече күндөн кийин эле айдоочулар автоунааларын белгиленген тилкеге токтотуп, аны ээлеп ала башташкан — өз кезегинде бул интернет колдонуучуларынын көптөгөн сын пикирлерин жараткан.

Дээрлик дароо эле Токтогул көчөсүндөгү веложолдорду бишкектик айдоочулар унаа токтотуу үчүн пайдаланып башташкан.
Дээрлик дароо эле Токтогул көчөсүндөгү веложолдорду бишкектик айдоочулар унаа токтотуу үчүн пайдаланып башташкан.

Сүрөт: Айдоочулар унааларын токтотуу үчүн Бишкектеги жаңы веложолдорду ээлеп алышкан

Бишкекте бир нече жылдан бери иштеп келе жаткан «Gergert Sport» велосипеддерди ижарага берүү жайлары менен дүкөндөр түйүнүнүн администратору Александр Адекен шаарда велосипедчилер үчүн инфраструктура жок жана эки дөңгөлөктүү транспорт сүйүүчүлөрүнө «өтө кыйын» болуп жатат деп эсептейт.

«Инфраструктуранын өнүкпөгөндүгүнүн себеби — өкмөт тарабынан жетишээрлик көңүлдүн бурулбагандыгы», — деди Адекен.

Анын айтымында, буга карабастан велосипеддер ижарага «өтө тез ылдамдыкта» кетип жатат. Ал компаниясы «CityBike» тарабынан жаралган «атаандаштыктан коркпостугун», тескерисинче, Кыргызстанда «велосипеддин популярдуулугунун өсүп жаткандыгына» кубанычта экенин билдирди.