Жыл башынан бери Кыргызстанда 30 киши сууга чөгүп кеткен, алардын жетиси — балдар. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды сууга түшүүдө сак болууга чакырууда.

Июлдун башында Бишкектин Свердлов районунун куткаруу кызматы тарабынан Комсомол көлүнөн 23 жаштагы баланын денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

«Ал сүзүп жүрүп [коркунуч тууралуу] эскертүүнү уккан эмес. Адамдардын бардыгына жээктен 10 метрден алыс кетүүгө кетпегиле деп эскертебиз. Ал укпастан эле сүзүп кетүүсүн улынткан. Эч ким байкабай калып, ал чөгүп кеткен», — деди ӨКМдин Комсомол көлүндө иштеген кызматкери Суусарбек Эркенбаев.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жыл сайын сууга түшүү сезонунун алдында суудагы коопсуздук эрежелери тууралуу эскертет.

Сууга түшүү үчүн эң жакшы убакыт — суунун температурасы 18 градустан, абаныкы 25 градустан төмөн болбогон, ачык, шамалсыз аба ырайы.

Сууга тамактангандан кийин 1,5 сааттан эрте эмес түшүү сунушталат.

Баарынан да балдарга арналган жээктерде түшүү жакшы: алар жакшы жабдылган жана кокустуктардын алдын алуу үчүн керектүү каражаттар менен камсыздалган.

Тааныш эмес жерлерде сууга баш менен кирүү сунушталбайт — түбүндө устун, таштар болушу мүмкүн.

Үйлөтүлгөн матрастарда, оюнчуктарда жана автоунаа камераларында сүзүүгө болбойт – алар бузук болуп, же жыртылып кетүүлөрү мүмкүн. Силер күтүүсүздөн сууга түшүп кетишиңер мүмкүн, а ал жакшы сүзө билгендер үчүн дагы өтө коркунучтуу.

Коопсуздук эрежелеринде сазга айланган, балырлар, баткак ылайлары бар жерлерге түшүүгө тыюу салынары жазылган.